Барскоон айылындагы жаңы O!Store дүкөнү өз кардарларын күтөт

20.05.2019

Курорттук сезондун алдында Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында O!Store түйүнүнүн эсеп боюнча 83-жаңы филиалы ачылды!

«Эгер мурда Ысык-Көл облусунун тургундары телефонду сатып алуу үчүн Караколго же Бостериге барып, андан кийин симканы сатып алуу үчүн О! кеңсесине барууга туура келсе, бүгүн алар мунун баарын өздөрүнүн айылында бир гана жерде – O!Store дүкөнүндө ишке ашыра алышат, – деп белгиледи О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров. – Бир сөз менен айтканда, биздин кардар убактысын бир кыйла үнөмдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен бирге, өзүн жүз пайызга мобилдүү кылуу үчүн бардык каражаттар менен камсыз боло алат».

O!Store дүкөнүнөн мобилдүү болуу үчүн телефондун адаптери менен переходнигинен тартып бардык капчыкка ылайыктуу популярдуу бренддердин смартфондоруна чейин дээрлик бүт нерсени сатып алса болот – ушул эле жерде аксессуарларды тандап, пайдалуу тарифти да кошуп алса болот. O!Store дүкөнүндө дүйнөлүк Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor бренддеринин смартфондорунун кеңири түрлөрү коюлган.

Түйүндүн башка дүкөндөрүндөй эле Барскоондогу жаңы O!Store дүкөнүндө дагы каалаган смартфонду насыяга ыкчам жолжоболоштуруу мүмкүн. Мисалга алсак, сиз көптөн бери жаңы смартфон каалап жүрөсүз, бирок азыр төлөгөнгө толук суммаңыз жок. Аны насыяга сатып алуу жеңилирээк, смартфонду пайдалануу менен ай сайын бир аз сумманы төлөп турасыз. Ошондой эле, көптөгөн моделдер үчүн бөлүп төлөө каралган, анын шартына ылайык баштапкы төгүм талап кылынбайт жана банктын үстөк пайызы жок.

Смартфонду бөлүп төлөөгө же насыяга жолжоболоштуруу үчүн керек болуучу документтердин топтому:

  1. Паспорт (Эгер паспорт жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жеринен маалымкатты алып келүү керек);

  2. Кирешеси тууралуу маалымкат (төмөнкү аталган документтердин бирөө):

  • Эмгек келишими менен иштеген кызматкерлер үчүн айлык акы тууралуу маалымкат;

  • Жеке ишкерлер үчүн акыркы 3 айга узартылган жарактуу патент (түп нускасы жана патентке төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк);

  • Мал чарба ээлери үчүн айыл башкармачылыгынан ( айыл өкмөтүнөн) малы бар экендигин тастыктаган маалымкат.

Жаңы дүкөндүн дареги: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Ленина көч., н/ж (ориентир – «Маданият үйү»).

Иштөө графиги: 09:00-18:00, түшкү тыныгуу:13:00-14:00, жекшемби – дем алыш.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Товар тастыкталган. Товардын саны чектелүү. Кызыккан моделиңиздин бар экендигин жана толук маалыматты 0705 007 000 телефону же ostore.kg сайты аркылуу билсеңиз болот. Насыяны «Дос Кредобанк» ААК берет, банк насыяны берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. «Дос Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: №037.

 

 


Тизмеге кайтуу