Баткенде жаңы O!Store дүкөнү, акциялар жана аксессуарларга 20% арзандатуулар

16.04.2019

О! Мобилдик оператору Баткенде Xiaomi, LG, Huawei, Honor, Samsung, Apple дүйнөлүк бренддеринин расмий өкүлүнөн смартфондорду жана аксессуарларды сатып ала турган кезектеги O!Store дүкөнүн ачып жатат. Жаңы дүкөн өз кардарларын күн сайын төмөнкү даректе күтөт: М.Нургазиев көч., «Асылбек» СБ жанында; саат 9:00дөн 19:00га чейин (түшкү тамактануу 13:00-14:00).

Жаңы филиал баткендиктерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат, ал эми эң башкысы – убакытты үнөмдөйт. Эми жакын арадагы кеңсени издөөнүн кереги жок болуп калды, анткени мобилдик байланышка тиешелүү маселелерди чечүү, жаңы смартфонду пайдалуу сатып алуу, каалаган телефонду насыяга же бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруу сыяктуу иштерди өз шаарыңда эле бүтүрүп алса болот.

O!Store дүкөнү Баткендеги ачылышын бардык аксессуарларга жарыяланган жагымдуу арзандатуулар менен белгилемекчи. Смартфондорду коштоочу бөлүктөрдүн баарын -20% үнөмдөө менен сатып алса болот! Булар колонкалар, кулаккаптар, каптар, коргогуч айнектер, плёнкалар, шакек-кармагычтар, кабелдер, переходниктер, адаптерлер болушу мүмкүн. Акция 2019-жылдын 30-апрелине чейин уланат.

Ушундай эле акция – бардык аксессуарларга -20% арзандатуулар Бишкек шаарынын “Бишкек Парк” соода-көңүл ачуу борборундагы O!Store дүкөндөрүнүн биринде жүрүп жатат. Жагымдуу сатып алуулар үчүн шашылыңыздар!

Бардык O!Store дүкөндөрүндө жүрүп жаткан пайдалуу акциялар:

  • -30% арзандатуу менен LG смартфондору (акция 2019-жылдын 30-апрелине чейин жүрөт);

  • Баасы болгону 5 990 сом болгон O!Phone 4G Joy фирмалык смартфонун сатып алган учурда кап + коргогуч айнек белекке (акция 2019-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт);

  • 0705 007 000 телефону же ostore.kg сайты аркылуу смартфонду жеткирүүнү онлайн тапшырык кылган учурда О! түйүнүндө максималдуу ылдамдыктагы 10 ГБ акысыз мобилдик интернет (акысыз жеткирүү Бишкек шаарынын чегинде каралган).

Товардын саны чектелүү. Смартфондун сиз каалаган моделинин бар экендигин 0705 007 000 телефону же www.ostore.kg сайтындагы онлайн-консультанттардан билсеңиздер болот.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

 

 


Тизмеге кайтуу