O!TV тиркемесинде жаңы телеканалдар: корей сериалдары, спорттук экстрим, балдар үчүн жомоктор

22.10.2018

O!TV колдонуучулары үчүн мыкты жаңылык – О! Мобилдик оператору ТВ-каналдарынын тизмесин жаңыртты.

Жакында эле O!TV платформасында көрүүчүлөрдүн көптөгөн суранычтарынын негизинде кошулган жаңы телеканалдар эфирге чыга баштады!

«Дорама ТВ» – киносынчылар аны кубулуш деп аташат. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон көрүүчүлөр аны абдан жакшы көрүшөт. Мунун баары ... дорама – Япониянын, Түштүк Кореянын, Тайвань менен Кытайдын заманбап, сонун жана популярдуу сериалдары. Жанрларынын ар түрдүүлүгү кыялдарды таң калтырат: көнүмүш мелодрама, детектив, комедиялардан тартып, укмуштуудай музыкалык мистификацияларга жана антиутопияларга чейин. Заманбап тренддерге кошулуңуз – өзүңүз үчүн жаңы live-action, манга, «джоннис», k-pop, «онгоинг» түшүнүктөрүн ачыңыз.

«Ажыроо чекити» – маунтинбайкта фристайл, кайт-серфинг – бул алгачкы маанисиндеги «экстрим» эмес, заманбап активдүү адамдын жшоо стили болуп саналат. Телеканалдын эфиринен аэробатика боюнча дүйнөлүк мелдештерди, ультра-марафондук шосселик веложарышты, жыл сайын өтүүчү трейлраннингдик мелдештерди көрүүгө болот. «Ажыроо чекити» телеканалы Сизди экстремалдык спорттун дүйнөсүнө сүңгүтүп, адреналин менен заряддап, жаңы жетишкендиктерге шыктандырат!

«Жомокто мейманда» – бүт үй-бүлө үчүн «алгачкы жомок» телеканалы. Сиздер үчүн элдик жана автордук жомоктордун классикалык жана заманбап экрандаштырылган версиялары, советтик кино шедеврлери, жомоктук мультфильмдер, заманбап популярдуу жомок-сериалдар жана фэнтези топтолгон. Боорукер жана сабак болорлук жомоктор баланын кругозорун кеңейтип, туура турмуштук баалуулуктардын калыптануусуна жардам берет. 

Бул жана башка телеканалдарды түз эле смартфондон же үйдөн Smart TV функциясы бар Samsung, Sony, LG жана Philips телевизорлор аркылуу көрсө болот. Smart TV`ны өз үйүндө ырастоого толук нускама менен видеосереп жардам берет. Мурункудай эле, сиз кайсы жерде болбоңуз, суткасына 3 сомдон баштап мобилдик ТВ жеткиликтүү болот. O!TV  тиркемесин жүктөп алыңыз жана 146 телеканалга чейин кошуп алыңыз!

O!TV сизге жагымдуу көрүүлөрдү каалайт.

 


Тизмеге кайтуу