Интернеттен көз каранды болуудан кантип арылса болот жана баланын өнүгүүсүндө эмнени өнүктүрүү маанилүү. Психолог

04.10.2019

Кыргызстанда сыйкырчы менен төлгөчүлөрдү бара-бара психологдор алмаштыра башташты жана жан-дүйнөсүн дарылоону каалагандардын көбү кесипкөй адистерге кайрылышууда. Азыркы учурдагы популярдуу көйгөйлөрдүн бири – виртуалдуу дүйнө үчүн чыныгы дүйнөдөн баш тартуулардын көбүрөөк болуп жаткандыгы.

Айланабыздагылар смартфондордон жана социалдык тармактардан көз каранды болуу канчалык коркунучтуу экендигин айтып бүтпөй келе жатышат. Биз О! Мобилдик операторунун чыныгы жана виртуалдык дүйнөдө баланы коргоо боюнча O! Safe Kids долбоорунун алкагында балдар психологу менен бул темага байланыштуу пикир алыштык.

Биздин суроолорубузга кыргызстандык психотерапевт, гештальт-терапевт, 10 жылдык тажрыйбага ээ позитивдүү психолог Эльвира Шумакова жооп берет.

• Бүгүнкү күндө интернет (социалдык тармактар) балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыныгы турмушуна кандай таасир тийгизет?

Биздин ушунчалык ыкчам өнүгүп жаткан дүйнөбүздө интернет мезгил менен бирге жүрүүнүн мыкты куралы болуп саналат. Ар түрдүү маалыматтын түгөнбөс ресурсу бир четинен абдан чоң пайда алып келсе, туура эмес колдонулган учурда оңдолбос коркунучка алып келиши мүмкүн. Бул өзгөчө коомдун кичи сегментине – биздин балдарыбызга тиешелүү. Алар башкаларга караганда, интернеттин ылайыксыз контентинин негативдүү таасирине тез кабылышат.

• Балага интернетте даана кайсы коркунуч залакасын тийгизет?

Алардын али калыптана элек жана абдан сезимтал ийкемдүү психикасы бардык маалыматты кабыл алат жана толук кандуу анализ жүргүзбөстөн аң-сезимине терең сиңирип алат. Маалымат канчалык этикалык, моралдык, инсандык баалуулуктардан узак болгон сайын, калыптана элек балдардын психикасына ошончолук оор залакасын тийгизет, ошондой эле баланын акыл-эсинде эстен кеткис из калтырышы мүмкүн жана бул анын баарлашуусунда жана кыймыл-аракеттеринде чагылдырыла баштайт.

Интернетте ар түрдүү контентти тапса болот. Буларга сөгүшкөн сөздөр, тамекини, алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды жана психотпроптук дары-дармектерди колдонууну пропагандалоо кирет, интернетте жаш курактык, жыныстык, аймактык, расалык, улуттар аралык айырмачылыктарга байланыштуу кемсинтүүлөр сыяктуу көзөмөлсүз керектөөчүлүк мамилелердин күбөсү болуп калышы мүмкүн, ошондой эле порнография жана зомбулук көрүнүштөрү кокусунан көзгө урунуп калат. Мунун баары баланын психикасын жана анын гармониялуу өсүшүнө абдан керектүү дүйнөнүн дени сак картинасын бузушу мүмкүн жана аны кийин узакка созулган жеке терапия менен бир бөлүгүн гана жөнгө салууга болот.

Ошондой эле негизги элементи зомбулук болгон оюндардын көптөгөн түрлөрү бар, алар дагы өтө таш боордукка жана турмуштук баалуулуктардын төмөндөшүнө, ошондой эле чыныгы жашоону шайкеш түшүнүүсүн бузууга алып келет.

Бирок жалаң эле ылайыксыз контент балага залакасын тийгизет дегенден алыспыз. Гаджеттер менен узак мөөнөттө убактысын өткөрүү дагы өтө каны кызыгандыкка, көзөмөлсүз агрессияга, тынчы жок уйкуга алып келет, натыйжада – абдан чарчап чаалыгуу ортого чыгат.

Ата-энелерде көп кездешкен дагы бир көйгөй – балдардын акыл жана дене жагынан өсүүсүнүн басаңдоосу.

• Буга кантип карама-каршы туруу керек жана балада эмнени өнүктүрүү маанилүү?

Өзүбүздүн бала кезибизди эстейли! Биз оюндардын баарын өзүбүз ойлоп чыгып, өзүбүз жүрүшүн ойлонуштурчубуз, оюнчуктар менен жана башка балдар менен ойночубуз. Бул баланын социализациясынын бөлүнгүс компоненти болуп саналат. Азыр болсо балдар компьютердик оюндар менен олуттуу түрдө кызыгып, алардын артынан түшүп алышты. Ал эми көп убакытка чейин кыймылсыз отуруу баланын саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Социумда карым-катнашты кура билүү көндүмү – балалык куракта гана калыптана турган эң маанилүү көндүм болуп саналат. Эгер бул жөндөмдүүлүктү бала кезде өнүктүрө албаса, балаңыз чоңойгон кезде коомдо сапаттуу ийкемдүүлүгүн көрсөтө албай, өзүн коомдун бактылуу жана толук кандуу мүчөсү катары сезе албай кыйналат.

Ал эми заманбап чындыктарчы. Интернет менен гаджеттерге жөн гана тыюу салуу болбойт го?

Туура айтасыз, интернет баланын психикасынын өнүгүүсүнүн жана дени сак калыптануусуунун көйгөйлөрүнүн булагы болуп саналбайт. Ал акыл-эси менен, бөлүк-бөлүктөргө бөлүү аркылуу колдонулса, баланын потенциалынын өнүгүшүнүн башка ыкмалары менен шайкеш келгенде балага пайда гана алып келет. Интернет – логиканы, көңүл бурууну, оюндардын, фильмдердин жана мультфильмдердин, техникалардын, китептердин жана көптөгөн башка нерселердин кругозорун кеңейтүүчү көп нерселерди таба ала турган ресурс болуп саналат. Болгону ата-энелердин гана балдар тарабынан каралып жаткан контентти көзөмөлдөөгө убактылары жетишпейт.

Технологиялар бир орунда турбайт, улам жаңы, заманбап көзөмөл ыкмалары пайда болууда. Ошолорду колдонуңуздар!

Акыры, өзүңүздөр балдарыңыздарга үлгү болуңуздар. Балдар айланасындагы бардык нерселерди өздөрүнө сиңирип, баарын “күзгүдөй” чагылдырышат. 

O! Safe Kids – Android жана iOS үчүн балдарды виртуалдык жана чыныгы дүйнөдө коргоо үчүн тиркеме. Тиркеме ылайыксыз контентти гана электен өткөрбөстөн, төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

  • Балаңыздын кайда экендиги тууралуу дайыма кабардар болуу;

  • Аны кооптуу контенттен коргоо;

  • Түзүлүштү жана конкреттүү тиркемелерди колдонуунун убактысын расписание менен чектөө;

  • Смартфондогу батарейкасынын зарядынын деңгээлин көрүү;

  • Анын социалдык тармактардагы активдүүлүгүн көрүү;

  • Бардык шектүү абалдар тууралуу маалымат алуу, мисалы, балаңыздын сиз белгилеген “коопсуз периметрди” таштап кеткендиги тууралуу.

O! Safe Kids тиркемеси – О! Мобилдик операторунун маалыматтык коопсуздук боюнча ири иштеп чыгуучу «Касперский лабораториясы» менен биргелешип даярдалган социалдык долбоор болуп саналат

Тиркеме менен «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринин базасында акысыз колдонсо болот.


Тизмеге кайтуу