Жаңы жылдык плейлист: О! менен бирге жаңы жылдык маанайды кошобуз

27.12.2021

Мандариндердин даамын таткан, гирляндаларды иретке келтирген, кар бүртүкчөлөрүн кесип, жакындарың менен үйдү кооздогон мезгил. Жаңы жылга чейин – болгону бир апта калды, ал эми майрамдык маанай өзүнөн-өзү эле жаралып калбайт. Аны жаратууга О! Мобилдик оператору менен Яндекс.Музыка жардам берет.

Шилтеме менен өтүңүз да, майрамдык, шаңдуу, жаңы жылдык топтомду кошуп алыңыз! https://music.yandex.ru/users/music-kyrgyzstan/playlists/1000?utm_medium=copy_link

Мындан дагы көбүрөөк музыка каалайсызбы – жөн гана *090# буйрутмасы менен же «Мой О!» тиркемеси аркылуу «Яндекс Плюс» сервисин активдештирип алыңыз, Яндекс.Музыка тиркемесин жүктөңүз да, толугу менен 90 күн миллиондогон тректерден АКЫСЫЗ ырахат алыңыз.

Сиз жаңы музыканы тандоо үчүн убакыт коротпойсуз – аны сиздин ордуңузга «Менин толкунум» атвоматтык сервиси аткарып коёт. Ашыкча аракетсиз сизге гана жаккан музыканын чексиз агымы. «Менин толкунум» сизге ылайыкташат жана өз алдынча үйрөнөт – маанайыңызга, мүнөзүңүзгө, сиз тандаган тректердин тилине багыт алат. Яндекс.Музыка менен ар дайым уга турган нерсе табылат – жеке сунуштамалар, ар кандай учурларга керектүү топтомдор, дүйнөдөгү бардык нерселер тууралуу подкасттар жана кыргызстандык жылдыздарды кошкондо миллиондогон музыкалык жаңылыктар.

Акысыз музыкадан тышкары, сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:

  • «Яндекс.Go» тиркемеси аркылуу Комфорт жана Комфорт+ тарифтери боюнча сапарларга -10% арзандатуу;

  • «Кинопоиск» тиркемесинде онлайн фильмдер жана сериалдар;

  • «Яндекс.Дискте» +10 ГБ кошумча мейкиндик

Жазылуу бардык О! тарифтик пландарында жеткиликтүү. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин сиз аны айына 179 сомго пайдалана аласыз. Толук маалымат yandex.o.kg сайтында.


Тизмеге кайтуу