Байланышты башкаруу үчүн жаңы тиркеме

18.09.2018

Сall-борборго чалуулардын жана узун добуштук менюнун ордуна смартфондор үчүн жайлуу жана түшүнүктүү тиркемелер пайда болду. Бүгүн биз фирмалык «Менин О!» тиркемесинин мисалында өз мобилдик номерин башкаруу канчалык ыңгайлуу болуп калгандыгын айтып беребиз.

«Менин О!» - бул «жылдызчалар-торчолорду», расмий сайтты изилдөөнү, ал гана эмес адис менен сүйлөшүү үчүн добуштук меню менен жүрүүнү алмаштырган тиркеме болуп саналат. Тиркемени бир эле байкап көрөрүңүз менен байланышты «эскиче» башкаргыңыз келбей калат. Эмне үчүн десеңиздер?

Эч кандай узак күтүүлөр жана бюрократия жок

Тиркемеге өз номери менен кирүү үчүн смартфондо/планшетте О! SIM-картасы жана интернет-туташуу керек. Шартбелгини ойлоп таап жана өз номерин киргизүү менен авторизациядан өтүү жетиштүү.

Акча ар дайым көрүнүктүү жерде

Оператордун тиркемеси каалаган учурда сиздин эсебиңизде канча акча бар экендигин, жеткиликтүү мүнөттөрдүн же интернет-трафиктин көлөмүн кабарлап берет. Детализацияны (чыгымдар тууралуу толук баяндама) да тиркемеден түз көрсө болот.

Керектүү гана кызматтар жана опциялар

Тиркеме сизге акылуу/акысыз опцияларды жана так көрсөтүлгөн баасы, түшүндүрмөсү менен жазылууларды да көрсөтөт. Тарифтерди да так ушинтип алмаштырып алса болот. Роумингдеги үнөмдөө үчүн опциялар башка тизме менен кетет.

Жардам жаныңызда

Кээде маалыматты тактоо же бир нерсени ырастоо керек болуп калат. Мындайда ыкчам онлайн-линия иштейт – сиз каалаган сурооңузга сутканын бардык учурунда жооп ала аласыз. Эгерде маселени сөз менен чечүү мүмкүн болбосо, анда тиркеме көйгөйүңүздү тезирээк чечүү үчүн жакын жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңселерине жол көрсөтүп берет.

Видеообзор: https://youtu.be/OkMR-GvAGwM​ ​


Тизмеге кайтуу