Кыргызстандыктардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу керек

01.11.2019

31-октябрда, О! Мобилдик операторунун жаңы коворкингинин ачылышына байланыштуу уюштурулган басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МтжБМК) т төрагасы Дастан Догоев санариптик көндүмдөрдү жогорулатуунун жана киберкоопсуздук тармагында чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кеңири тилкелүү 4G LTE* мобилдик интернетинин өнүгүүсү менен бирге, маалыматтык технологияларынын тармагындагы Интернетте кылмыштарды жасоо коркунучу күчүнө кирүүдө. Буга байланыштуу алдын алуучу чараларды кабыл алуу өзгөчө мааниге ээ. О! Мобилдик оператору киберкоркунучтар менен күрөшүү үчүн максимум аракеттерин көрсөтүүдө. Маалыматтык коопсуздук боюнча тармактагы эң ири иштеп чыгуучу болгон “Касперский Лабораториясы” менен бирге онлайн-чөйрөдө балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоо үчүн уникалдуу O! Safe Kids тиркемеси иштелип чыкты.

O! Safe Kids тиркемеси – бул:

  • Баланын оюндарга, соцтармактарга жана интернеттеги серфингге арнай турган убактысын белгилей турган таймер;

  • Кооптуу сайттарды жана чоңдор үчүн контентти бөгөттөй турган күзөтчү;

  • Баланыздын ушул тапта кайда экендигин айтып берүүчү навигатор;

  • Балаңыздын смартфонундагы заряддын деңгээлине байкоо жүргүзүүчү билдиргич.

O! Safe Kids –мобилдик оператордун социалдык долбоору. Жаңы «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринде заманбап ата-энелердин балдарынын коопсуздугуна кам көрүүлөрү үчүн тиркеме акысыз киргизилген. Коргоонун техникалык каражаттарынан тышкары тиркемеде балдардын тигил же бул жүрүм турумунун себептерин түшүнүүгө жана алар үчүн тобокелчиликтин деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк бере турган чоңдорго арналган психологдун кеңештери да орун алган.

* О! Мобилдик операторунун 4G LTE-түйүнү Борбордук Азия аймагынындагы өлкөлөрдүн гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында камтуу жана сыйымдуулук боюнча мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп келет. Бүт өлкөнүн жалпы калкынын 95%ын түзгөн 6 миллиондон ашык кыргызстандыктар төртүнчү муундагы кеңири тилкелүү технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.


Тизмеге кайтуу