Смартфонду утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербе!

25.11.2019

«Мой О!» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары «Мой О»! – күн сайын смартфон» лотереясынан смартфондорду утуп алууну улантышууда. Күн сайын лотереянын катышуучуларынын саны өсүүдө, анткени лотереяга катышуунун шарттары абдан жөнөкөй: «Мой О!» тиркемесин орнотуу, ыңгайлуу «О!Деньги» капчыгы менен колдонуу жана лотереялык билеттерди алуу.

Бүгүн «О!Деньги» капчыгы аркылуу 400дөн ашуун сервистерди, анын ичинен коммуналдык кызматтарды, ЖКККББ айып пулдарын, окуу китептеринин ижарасын, онлайн-оюндарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, ал тургай кофейня менен тойканалардын эсептерин да төлөсө болот. Ар бир төлөм үчүн лотереялык билеттер эсептелинет.

Ошондой эле, билеттер «Мой О!» тиркемесинде катталуу жана идентификация, банктык картаны кошкондугу, капчыкты толуктагандыгы жана O!Store дүкөндөрүнөн Honor смартфондорун сатып алгандыгы үчүн да берилет.

Уткан билеттердин номерлери ар апта сайын кокустук сандарынын генераторунун жардамы менен көз карандысыз комиссиянын катышуусунда аныкталат.  

Тиркеменин 49 колдонуучусу жаңы Honor 10 i смартфонунун ээси болуп калышты, алардын ичинен кээ бирлери биз менен өз пикирлери менен бөлүшүштү:

«Мен иш боюнча бир жолугушууда отурган элем, кардарлар менен абдан олуттуу маселелерди талкуулап жатканбыз, анан эле менин телефонума чакыруу келди, телефон утуп алганымды сүйүнчүлөштү! Мен үчүн бул күтүлбөгөн жаңылык болду. Мен албетте лотерея өтүп жаткандыгын билчүмүн, бирок буга анчейин көңүл бурган эмесмин. А бул жерде телефон утуп алдым! Баары өз убагында болду, анткени өзүмдүкүн бир жума мурун талкалап алдым эле», – деп айтып берди Козелецкая.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Нурислан Кадыркулов көп учурда мындай ойнотууларда жолу болчу эмес:

«Лотереяда биринчи жолу утуп алдым, айтып бүткүс сезимдерге толуп турам. Утушумду алуу үчүн атайын Жалал-Абаддан келдим. Бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалайм! Жеңишке ишениңиздер!».

««Мой О!» тиркемесин колдонуп жаткандыгыма бир жылдан ашты, дайыма мобилдик байланышты, коммуналдык байланыштарды төлөп жүрөм. Төлөмдөр убагында келип турат, көйгөйлөр жаралбайт, бул абдан ыңгайлуу!», – деп өз ою менен дагы бир жеңүүчү Мухаметнияз Хусаинов бөлүштү.

Алдыда смартфондорду ойнотуунун дагы 2 аптасы калды жана утуп алуу мүмкүнчүлүгү ар бириңиздерде бар!

«Мой О! – күн сайын смартфон» лотереясынын алкагында жалпы 60 даана Honor 10i смартфону ойнотулат. Лотереяга катышуу шарттары тууралуу толук маалымат, ойнотуу күндөрү жана жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү udacha.o.kg сайтында жеткиликтүү.

Расмий өнөктөш — Honor.

Мамлекеттик каржы көзөмөлүнүн уруксаты: № 134, 30.09.2019. Лотереяны өткөрүү мөөнөтү: 01.10.2019-03.12.2019. Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817


Тизмеге кайтуу