O!Store дүкөндөрүнөн Galaxy Note 10 жана Note 10+ смартфондорун сатып алганда Galaxy Buds кулакчындары белекке

10.10.2019

Сиздерди O!Store дүкөндөрүнөн эки эсе ийгиликтүү сатып алуулар күтөт. Galaxy Note 10 жана Note 10+ смартфондорун сатып алган учурда сиз кепилденген белекке – зымсыз Galaxy Buds кулакчындарына ээ болосуз.

Galaxy Note сериясы ар дайым чоң экрандуу жана түрдүү кызыктуу өзгөчөлүктөрү бар смартфондору менен айырмаланып келген. S Pen калем учу эле канчага турат – кол жазмаларды жакшы көргөндөрдүн же чыгармачыл инсандардын табылгыс буюму.

Samsung Galaxy Note10 жана 10+ смартфондору 8 ядролуу процессорго ээ болушту. Samsung Galaxy Note10 смартфонунда 8 ГБ оперативдик жана 256 ГБ орнотулган эс тутум бар, ал эми Samsung Galaxy Note10+ болсо 12 ГБ оперативка менен 256 өздүк эс тутумга ээ болду. microSD үчүн 1 ТБ чейинки слот эки модификацияда тең жайгашкан. Телефон ыкчам зымсыз зарядкага ээ, ал тургай башка шайкеш келген түзүлүштөрдү да заряддай алат.

Автофокусу менен 10 мегапикселдүү маңдайкы камераны жана түнкү селфилер үчүн атайын профилдерди сиздин сөзсүз түрдө байкап көргүңүз келет.

  • Ультра кеңири бурчтуу объектив: 16 Мп;

  • Кеңири бурчтуу объектив: 12 Мп, 2PD автофокус;

  • Телефотообъектив: 12 Мп.

Galaxy Note 10 смартфонунун баасы 61 990 сом, Note 10+ смартфонунун баасы 71 990 сом. O!Store дүкөндөрүнөн суммасын толук төлөө менен же аны бөлүк-бөлүктөргө бөлүп кредитке жолжоболоштуруп сатып алса болот.

ostore.kg сайтынын колдонуучулары үчүн кредитти же бөлүп төлөөнү сырттан тез жолжоболоштуруу жеткиликтүү. Сиз онлайн-өтүнмөнү толтурасыз, банктын макулдугун алган соң, жөн гана жапжаңы смартфонду алып кетесиз.

O!Store дүкөндөрүнөн сатып алуу – пайда жана ишенимдүүлүк.

***

Акциянын мөөнөтү: 31.10.2019 ж. чейин. Товардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин жана кредитке алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги тууралуу толук маалыматты 0 705 007 000 телефону же ostore.kg сайты аркылуу сурап билиңиз. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет, банк себептерин түшүндүрбөстөн кредит берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: № 037.  

 


Тизмеге кайтуу