Бишкектин май куюучу станцияларында накталай эмес тѳлѳм менен ѳзүн-ѳзү тейлѳѳ колонкалары пайда болду

12.03.2020

Автосүйүүчүлѳр үчүн мыкты жаӊылык! Эми Red Petroleum май куюучу станцияларынын тармагында ѳзүн-ѳзү тейлѳѳ колонкасынан май куюп, автоунаадан алыстабай туруп эле «О!Деньги» капчыгы аркылуу тѳлѳмдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду!»

Накталай эмес ылдам тѳлѳѳ айдоочуларды кассага баруу же станциянын операторунун жардамын күтүү зарылчылыгынан бошотуп, алардын убактысын кыйла үнѳмдѳйт.

Мындай технологиялык ыкманын Кыргызстанда алгачкы жолу ишке ашырылып жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Бул кандай иштейт?

Автоунаага ѳз алдынча май куюу үчүн ар бир ѳзүн-ѳзү тейлѳѳ колонкасында жеткиликтүү болгон жѳнѳкѳй нускама боюнча иш-аракет аткаруу талап кылынат:

1. Пистолетти бензобакка салып, май ѳткѳрүү баскычын басыӊыз.

2. «Мой О!» тиркемесин ачып, колонкадагы QR-кодду сканерлеӊиз жана тийиштүү сумманы тѳлѳӊүз.

3. Май куюлуп бүткѳнгѳ чейин күтүп, андан соӊ пистолетти чыгарып, колонкага илип коюӊуз.

Азыркы учурда ѳзүн-ѳзү тейлѳѳ колонкалары Бишкек шаарында иштеп жатат. Айдоочулар жаӊы мүмкүндүктүн ыӊгайлуулугуна баа бере алышты. Жакынкы арада долбоор ѳлкѳ боюнча Red Petroleum май куюучу станцияларынын тармагында ишке ашырылат.

«Мой О!» тиркемесин орнотуп, «О!Деньги» капчыгы аркылуу 400дѳн ашуун пайдалуу кызматтарды тѳлѳӊүз.

«О!Деньги» кызматы «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кѳрсѳтүлѳт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.

 


Тизмеге кайтуу