О! Мобилдик оператору Ысык-Көл облусунда 4G сигналын күчөттү

12.02.2019

О! Мобилдик оператору – 4G түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандагы лидер.

Лидерликке жетүү – бул  кадыр-баркка ээ болуу, бирок андан да маанилүүсү – ушул планканы кармап калуу. Компания билдиргендей, байланыш объектилеринин саны эселеп көбөйүп жатат, анын натыйжасы катары Ысык-Көл облусунда 4G түйүнүнүн сигналы жакшыртылды. Кышкы туристтик сезондун чок ортосунда Ысык-Көл облусунун 150 миңге жакын тургундары жана Ысык-Көл облусунун курортторунун жана конок үйлөрүнүн көп сандаган меймандары 4G түйүнүнүн ылдамдыгы менен сапатын баалай алышат. Караколдогу тоо лыжа базасы болсун, Жети-Өгүз жана Барскоон каньондору болсун, же Саруу капчыгайы болсун, бардык жерде байкалат. Ысык-Көлгө кышында барган кишилер  эң алгач Түндүк Тянь-Шандын кооз табиятына суктануу үчүн барышат, анткени кышкы учур жайындагыдан да кызыктуу. Жолго чыгып баратып, www.o.kg сайтында жайгашкан О! түйүнүнүн камтуу картасына көңүлүңүздөрдү буруңуз.

«О! мобилдик оператору тарабынан 4G түйүнүн жакшыртууга басым жасалган техникалык жумуштар абоненттердин башкы талабын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатат. Алардын талабы – маалыматтарды өткөрүүнүн ылдамдыгын көбөйтүү жана түйүндүн туруктуу ишин камсыздоо болуп саналат. Мына азыр дагы өлкөбүздүн бир нече аймактарында жумуштар жүрүп жатат, кайсы аймактар экендигин – биз кийинки жумада жабдуулардын монтажы жана оңдоо иштери бүткөндө билдиребиз», - деп кабарлады О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.     

Ошентип, О! түйүнүнөн 4G сигналын ишенимдүү кабыл алуу аймагына Ысык-Көл облусунун төмөнкү шаарлар менен калктуу пункттары кирген:

Ак-Булуң, Ак-Булак, Токтогул, Бөрү-Баш, Черик, Тегизчил, Жаңы-Арык, Кереге-Таш, Нововознесеновка, Октябрь, Үч-Кайнар, Ак-Чий, Качыбек, Совет, Лесное, Челпек, Бурма-Суу, Таш-Кыя, Мундуз, Аң-Өстөн, Барскоон, Даркан, Ак-Терек, Жеңиш, Кичи-Жаргылчак, Жети-Өгүз, Ак-Кочкор, Чырак, Алкым, Конкино, Ырдык, Оргочор, Жалгыз-Өрүк, Саруу, Ысык-Көл, Тамга, Чет-Байсоорун, Григорьев пристаны, Корумду, Семеновка, Кожояр, Кош-Көл, Чырпыкты, Темир, Кашат, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Сары-Камыш, Өрнөк, Кара-Коо, Тогуз-Булак, Эшперов, Жер-Үй, Көк-Сай, Тоң, Төрт-Күл, Миң-Булак, Арал, Кош-Дөбө, Балбай, Күрмөнтү, Беловодск, Тасма, Токтоян, Чоң-Тогуз-Бай, Бирлик, Жылуу-Булак.

О! Мобилдик оператору лидерден 4G кошуп ал!

4G LTEбул азыркы күндөгү мобилдик байланыш менен мобилдик интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бири болуп саналат. О! Мобилдик оператору  2014-жылы Кыргызстандагы мобилдик операторлордун ичинен биринчилерден болуп  4G LTE стандартын киргизген. Бүгүнкү күнү жалпы Кыргызстандын тургундарынын 81%ы О! Мобилдик операторунун байланыштын прогрессивдүү технологиясына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 


Тизмеге кайтуу