О! мобилдик оператору Tele2 жана Kcell түйүндөрүндө интернет-роумингге бааларды төмөндөттү
О! мобилдик оператору Казакстандагы Tele2 жана Kcell операторлорунун түйүндөрүндө роумингде мобилдик интернеттин баасын төмөндөткөндүгү жөнүндө маалымдайт.
Мисалга, Tele2 түйүнүндө О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн роумингде 1 Мб мобилдик интернеттин баасы - 4 сом. Ал эми Kcell түйүнүндө – 5 сом. Ошентип, роумингдеги мобилдик интернеттин баасы сегиз эсе арзандады.
«Казакстан – биздин абоненттерибиздин арасында эң көп суралчу багыттардын бири. Биз бүгүн О!дон интернет-роуминг кызматынын баасы дагы да арзандагандыгын маалымдап жатканыбызга кубанып турабыз. Биздин Казакстанга кетип жаткан абоненттерибиз дайыма байланышта болуп, интернетти пайдалуу шарттарда колдоно алышат», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов билдирди.
«Роуминг» кызматы мобилдик байланышты SIM-картаны алмаштырбастан, Кыргызстандын чегинен тышкары колдонууга мүмкүндүк берет. Кызматты кошуу үчүн өлкөнүн аймагынан чыгаардан мурда *996# буйрутмасын терүү жетиштүү, ал эми интернет-роуминг кошуу үчүн *997# буйрутмасын терүү керек.
Тарифтер жана кызматтар жөнүндө кенен маалыматты компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билүүгө болот.