О! Мобилдик оператору түйүндөр аралык чалуулардын наркын төмөндөтүп жатат

21.12.2020

О! Мобилдик оператору 2021-жылдын 8-январынан тартып КРнын башка мобилдик операторлорунун түйүндөрүнө добуштук чалуулар үчүн сатуу салыгын эске албай туруп 2,8 сомго чейин наркын азайта тургандыгын маалымдайт.

«Переходи на О!» линейкасынын эң популярдуу тарифтеринде жана башкаларда түйүндөн тышкары чалуулардын наркы төмөн болот. Өзгөрүүлөр архивдик тарифтик пландарга тарабайт.

Толук тизме: «Бонус+», «Вместе дешевле», «Вместе дешевле Регион», «Мугалим 200», «О!СЕМЬЯ», «О!СЕМЬЯ Регион», «Өзгөчө», «Окуучу 30 дней», «Окуучу», «Оңой+», «Пайдалуу», «Переходи на О! 120 + О!TV + O! Safe Kids», «Переходи на О! 135 + TV Базовый + O! Safe Kids», «Переходи на О! 145 + O! Safe Kids», «Переходи на О! 160 + O! Safe Kids», «Переходи на О! 30 дней + O! Safe Kids», «Переходи на О! 30 дней Регион + O! Safe Kids», «Переходи на О! БЕЗЛИМИТ НА ВСЁ!», «Переходи на О! БЕЗЛИМИТ НА ВСЁ! 30 дней», «Переходи на О! Безлимит + TV Премиум 30 дней + O! Safe Kids», «Переходи на О! Безлимит + TV Премиум + O!Кино Премиум», «Переходи на О! Регион 100 + О!TV + O! Safe Kids», «Переходи на О! Студент 115», «Переходи на О! Студент Онлайн», «Специальный», «Такси 250», «Твой Суперноль 7 дней», «Твой ноль Универсальный», «Твой Суперноль+», «Умное устройство 30», «Умное устройство 360».

Нарктын позитивдүү өзгөрүүсүн учурдагы жүз миңдеген, ошондой эле жаңы кошулган абоненттер сезе алышат.

Өз тарифиңизге тиешелүү майда-бараттарын сиз ар дайым «Мой О!» тиркемесинен тактап алсаңыз болот.

«Мой О!» – бул «О!Деньги» функционалдуу капчыгы жана О! абонентинин жеке кабинети. Тиркемени жүктөп алыңыз жана сиздин мобилдик жардамчыңыз ар дайым кол алдыңызда болот! Тиркемеге миллиондон ашуун кыргызстандыктар өз баасын берди – ал жерден мүнөттөр менен гигабайттардын калдыктарын көрсө болот, номер боюнча чыгымдарды көзөмөлдөп, өз алдынча кызматтарды кошуп алып, ал гана эмес жакындарынын балансына да камкордук кыла алышат. «О!Деньги» капчыгынын жардамы менен коммуналдык кызматтарды, интернетти, мобилдик байланышты, камералардан келген айыппулдарды, салыктарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, МКБ күйүүчү майды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди жеңил төлөөгө, ошондой эле тиркмеден түз эле онлайн-кредиттерди алууга болот.

О! Мобилдик оператору бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4G LTE түйүнүнүн кеңири камтуу аймагына ээ – өлкөнүн калкынын 98%ынан ашууну О! түйүнүнүн 4G LTE-интернетинин ишенимдүү камтуу аймагында жашайт. О! түйүнүнүн камтуу картасын www.o.kg сайтынан көрсөңүз болот.


Тизмеге кайтуу