О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн камтуу жана сыйымдуулук аймагын кеңейтүүдө

14.05.2020

Түйүнгө туура келген жогорку жүктөм шарттарында О! Мобилдик оператору 70тен ашуун калктуу пункттарды киргизүү аркылуу түйүндүн камтуу жана сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча жумуштарды аткарды.

Миңдеген кишилер О! операторунун 4G LTE-түйүнүнүн жогорку ылдамдыктагы интернетинин жакшыртылган байланыш сапатын сезе алышты, бул жумуш менен баарлашуу дистанциондук режимге өткөн учурда абдан маанилүү. Түйүндүн модернизациясы кийинки калктуу пункттарда жүргүзүлдү:

· Чүй облусу: Бишкек, Токмок шаарларында, Кайыңды штк жана Новопавловка, Сосновка айылдарында;

· Жалал-Абад облусу: Жалгыз-Жаңгак, Кочкор-Ата шаарларында, Мукур, Ит-Агар, Жаңгактуу-Булак, Ак-Жол, Тегене, Айры-Там, Жаңы-Шаар, Кызыл-Ай, Чоң-Курулуш, Жаңы-Акман, Кош-Коргон, Кайырма, Жаңы-Абад, Чек, Дукур, Аук, Правда, Октябрьское, Таштак, Жаңы-Айыл, Өрүк, Арал, Төш, Чаңгыр-Таш, Таштак, Кызыл-Сеңир, Михайловка, Мундуз, Толук, Ноот, Кара-Жыгач айылдарында;

· Нарын облусу: Нарын шаарында жана Ак-Муз, Өзгөрүш, Талды-Суу, Кум-Дөбө, Чекилдек, Кочкор, Кара-Суу айылдарында;

· Талас облусу: Талас шаарында, Өзгөрүш, Боо-Терек, Ак-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Миң-Булак, Бакай-Ата, Кызыл-Адыр, Чоң-Кара-Буура, Кара-Буура, Арал, Көпүрө-Базар, Кара-Суу, Манас, Кызыл-Туу айылдарында;

· Ош облусу: Ноокат, Өзгөн шаарларында, Көк-Жар, Жаңы-Ноокат, Кыргыз-Ата, Ай-Тамга, Ынтымак, Туз-Бел, Үчкаптал, Ак-Терек, Кош-Коргон айылдарында; 

· Баткен облусу: Арпа-Сай, Кыргыз-Кыштак, Согмент, Газ, Чарбак айылдарында.

Бүгүн О! абоненттери мобилдик интернеттин жардамы менен COVID-19 жөнүндө акысыз консультация жана маалыматты hidoctor.kg сайтынан ала алышат. Окуучулар «Мой О!» акысыз тиркемесинен үйдөн билим алышууда, «Мектеп» бөлүмүндөгү O!TV тиркемеси жана «O!TV Окутуу» топтомунда аларга Билим берүү министрлигинин “Дистанциондук окутуу” долбоорунун алкагындагы сабактар көрсөтүлүүчү телеканалдарга акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү ачылган. «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын жардамы менен үйдөн чыкпай туруп сатып алууларды жүргүзүүгө жана 700 пайдалуу сервистерди жана башка көп нерселерди онлайн төлөөгө болот.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу