О! мобилдик оператору эл аралык роумингдин географиясын кеңейтип жатат

26.01.2017

О! мобилдик оператору январда роуминг-өнөктөштөрдүн тизмесине тогуз жаңы оператор кошулгандыгы жөнүндө маалымдайт. Эми эл аралык добуштук роуминг кызматы О!нун корпоративдик абоненттери үчүн Sunrise (Швейцария), Altyn Asyr  (Түркменистан) түйүндөрүндө жеткиликтүү болуп калды,  ал эми 4G-роуминг Turkcell (Түкция), Etisalat (Сауд  Аравия) жана Rogers (Канада) түйүндөрүндөгү корпоративдик абоненттер үчүн жктиликтүү.

Мындан тышкары, О! мобилдик операторунун жеке абоненттери чет өлкөдө жүргөндө  байланышта болууга көп мүмкүнчүлүк алышты: добуштук роуминг кызматтары эми Astelit (Украина), Telefonica (Германия) жана Telenet Group (Бельгия) операторлорунун түйүнүндө жеткиликтүү.

«Биз роумингди өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жатабыз. Эми компаниянын абоненттери чет 9 өлкөлүк оператордун түйүнүндө мобилдик байланыш кызматтарын колдоно алышат. Биз О!нун абоненттери үчүн жеткиликтүү түйүндөрдүн санын көбөйтүп жатабы !», – деп О! мобилдик операторунун интерконнект  жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов билдирди.

О!нун абоненттери роумингди 160 ашык өлкөдө колдоно алышат, ал эми бир катар популярдуу багыттар боюнча тарифтер бир топ азайтылып жатат, Россиянын жана Казакстандын Tele2  түйүндөрүндө 1 Мб баасы болгону 1 сомду түзөт. Кызматты кошуу үчүн өлкөнүн чегинен чыгып кетерден мурда *996# буйрутмасын, ал эми интернет-роумингди кошуу үчүн *997# терүү жетиштүү.

Компаниянын роуминг кызматтары жөнүндө кененирээк компаниянын веб-сайтында www.o.kg


Тизмеге кайтуу