О! Мобилдик оператору 4G LTE – түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүүнү улантууда

13.06.2019

О! Мобилдик оператору 2019-жылы бүт өлкө боюнча кичи калктуу конуштарда 4G LTE-түйүнүнүн камтуусун көбөйтүүгө жана сыйымдуулугун кеңейтүүгө басым жасайт.

Техникалык адистерибиз тарабынан жакында жүргүзүлгөн жумуштар төмөнкү облустарда сигналдын жана байланыштын сапатын бир кыйла жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди:

  • Жалал-Абад облусу: Бүргөндү, Сары-Камыш (Бирлик), Жалал-Абад, Таш-Булак, Кара-Көл, Кербен;

  • Ош облусу: Ош, Жаңы-Арык, Алексеевка, Жаңы-Ноокат, Өзгөн;

  • Баткен облусу: Тенге, Кожо, Согмент, Газ, Чарбак.

Бүгүнкү күндө О! – 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн гана лидери эмес, коңшу мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн башка операторлору менен салыштырганда дагы лидер болуп саналат. О! түйүнүнүн жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернети жалпы өлкөнүн калкынын 94%ынан ашуун тургундары жашаган аймактарды камтыйт.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана О! түйүнүнүн ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «Түйүндүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.

 


Тизмеге кайтуу