О! Мобилдик оператору чет өлкөлүк Rauf&Faik тобунун Ош шаарындагы концертине чакырат
О! Мобилдик оператору Ош шаарында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Japar Production уюштуруп жаткан масштабдуу музыкалык иш-чараны сунуштайт.
26-апрелде Ош шаарынын NURZAMAN Plaza соода борборунун аянтында Rauf&Faik популярдуу тобунун катышуусу менен жаштар фестивалы өтөт. Кеченин меймандары – ата мекендик эстрада жылдыздары, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Нурмат Садыров жана Ильяс Кудретов. Башталышы: в 18:30.
Бул окуяга карата Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары үчүн атайын акция жүрүп жатат, акциянын алкагында концертке акысыз 2 билет алууга болот. О! түйүнүндөгү номердин балансын бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн 200 сомдон кем эмес суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктоо жетиштүү.
-
Акциянын шартын аткарган учурда бир абонент колуна 2 гана билет ала алат;
-
Балансты кайрадан 200 сомго же андан ашык суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктаган учурда кошумча билеттер берилбейт;
-
Акциянын алкагында толукталган акча каражаттарын байланыш кызматтарына гана колдонууга болот, «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» сервисинин алкагында колдонууга болбойт.
Акция 2019-жылдын 25-мартынан 26-апрелине чейин жүрөт.
Шашылыңыздар, билеттердин саны чектелүү. Билеттерди О! Мобилдик операторунун сатуу кеңселеринен сураңыздар.