О! Мобилдик оператору Орозо айт майрамы менен куттуктайт!

04.06.2019

Урматтуу кыргызстандыктар,

Компаниянын бардык кызматкерлеринин атынан О! Мобилдик оператору ыйык Рамазан айынын аякташы жана куттуу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайт!  

Бул майрам – руханий арууланууну, тынчтыкты жана боорукердикти, кайрымдуу иштерди аткарууну чагылдырган майрам. Мындай баалуулуктар дүйнө жүзүндөгү бардык кишилерге бирдей жакын жана түшүнүктүү.

Чын дилибизден сиздерге бакыт, бакубаттуулук, тынчтык, бейпилдик жана чың ден соолук каалайбыз! Бардык асыл максаттарыңыз, изги ойлоруңуз ишке ашсын, үйүңүздөрдө ынтымак, ырашкерлик орносун.

Терең урматтообуз менен,

О! командасы.

 


Тизмеге кайтуу