О! мобилдик оператору кыргызстандыктарды Жаңы Жыл менен куттуктайт!

30.12.2016

О! мобилдик оператору кыргызстандыктарды келе жаткан 2017-жыл менен куттуктайт!

 «Сиздерди келе жаткан Жаңы Жыл менен куттуктайм. 2017-жылы ар бир үй бүлөдө   жагымдуу жаңылыктар  жана күтүлбөгөн белектер көп болсун. 2017-жыл Сиздерге жагымдуу жолугушууларды, жакшы эмоцияларды, эстен кеткис окуяларды жана баарлашуудан кубанычтарды тартууласын. Биздин О! командабыз кардарларыбызга ишеним арткан үчүн ыраазычылык билдирет. Биз менен биринчи эмес Жаңы  Жылды тосуп, бизди шыктандырып жаткандарыңыз үчүн рахмат айтабыз. Бир жыл бою биз сиздер үчүн иштедик. 2017-жылы жолугушканга чейин саламатта болуңуздар!», - деп кыргызстандыктарды компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко куттуктады. 



Тизмеге кайтуу