О! Мобилдик оператору Түркияга роумингдин баасынын төмөндөгөндүгү тууралуу жарыялады

02.02.2018

О! Мобилдик операторунун абоненттери үчүн 1-февралдан баштап Түркиянын Turkcell түйүнүндөгү роумингдеги байланыш кызматынын баасы чыгыш чакыруусу үчүн 40 сомго жана бир SMS үчүн 10,99 сомго чейин төмөндөдү. Интернетке туташуунун баасы мурункудай эле 1 мегабайт үчүн 1 сом.

«Өнөктөш-оператор менен роумингдик бааларды азайтуу боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түркиядагы бааны төмөндөтүү мүмкүн болду. Биздин кардарлар Түркияга иш, окуу боюнча же жөн эле эс алуу үчүн тез-тез барып турушат. Ар дайым байланышта болуу абдан маанилүү экендигин биз түшүнөбүз, ошондуктан пайдалуу тарифтерди иштеп чыгуунун үстүндө дайыма иш жүргүзүп келебиз», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун роуминг жана интерконнект Кызматынын башчысы Роман Литвинов.

Түркияда жүргөн учурда роумингдеги интернеттен да үнөмдөсө болот. Болгону чет мамлекетке чыгарда мегабайттардын керектүү өлчөмүн кошуп алышыңыз гана керек:

  • «50МБ Интернет-роуминги». Кошулуу буйрутмасы: *997*50# (45 сом.)

  • «100МБ Интернет-роуминги». Кошулуу буйрутмасы: *997*100# (90 сом.)

  • «250МБ Интернет-роуминги». Кошулуу буйрутмасы: *997*250# (225 сом.)

Топтомдор кошулган күндөн баштап 30 күндүн ичинде жеткиликтүү жана Түркиянын Turkcell түйүнүндө жарактуу.

Эске салсак, ушуга окшош пайдалуу топтомдор, ошондой эле роумингдеги 1 мегабайт үчүн– Россиянын   Tele2, Мегафон түйүндөрүндө жана Казакстандын Tele2 түйүнүндө  төмөнкү баада 1 сомго жеткиликтүү. Интернет-топтомдор сиз тараптан сарпталган учурда, сиз SMS-билдирүү аласыз жана кааласаңыз дагы бир топтомду сатып аласыз, же макулдугуңуз менен стандарттык тарифтештирүүгө өтүп кетсеңиз болот. Төмөнкү тариф менен интернет-роумингди кошуу үчүн биздин өлкөнүн чегинен чыгарда *997# терсеңиз жетиштүү. Добуштук роумингди кошуу үчүн *996# терүү керек. o.kg сайтынын Роуминг бөлүмүнөн кененирээк маалымат ала аласыз.

О! Мобилдик операторунун роумингинен өз чыгымдарыңызды толук көзөмөлдөй аласыз!

 


Тизмеге кайтуу