О! мобилдик оператору Ысык-Көлдүн бүткүл акваториясын 4G интернет менен камсыздады

20.07.2017

О! мобилдик операторунан ылдам 4G мобилдик интернет бүгүнкү күнү түндүк да, түштүк да жээктеги жүз миңдеген эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү. Оператордун техникалык адистери Ысык-Көл областында коноктордун, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин ири агып келишине түйүндүн даярдыгын камсыздоо менен талыкпай иштөөнү улантып жатышат.

О! түйүнүндө 4G-сигнал менен жогорку ылдамдыктарда көгүш жээктин конок кабыл алуучу негизги аймактары: Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчыны камтыган. Ири калктуу конуштардан тышкары О!нун 4G-түйүнү Чоң-Cары-Ой, Сары-Ой, Кара-Ой, Бостери, Бактуу-Дөлөнөтү, Григорьевка, Ананьево, Түп, Жол-Колот, Ак-Суу, Кызыл-Суу айылдарында иштеп жатат.

Эми 4G ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болуп калган калктуу конуштарга  дагы бир нече кошулду, алардын арасында Булан-Соготту, Тамчы, Бает, Чок-Тал бар. Көпчүлүк калктуу конуштарда О! мобилдик оператору биринчи болуп өз абонеттерине төртүнчү муундагы интернетке кирүүнү сунуштады. Ылдам технологиянын мындай кенен жеткиликтүүлүгү Сиз Ысык-Көлгө эс алганы же жөн эле пайдалуу менен жагымдууну айкалыштырганы келгендиңизге карабастан, дайыма байланышта болууга жардам берет. YouTube-дан реалдуу убактысында видео көрүп, буга параллель тиркемелерди орнотууга же жаңылоого,  соцтармактарга сүрөттөрдү жүктөөгө же сиз эс алып жаткан жактан түз алып берүүлөрдү жүргүзүүгө болот.

4G стандартындагы түйүндү масштабдуу жайылтуудан тышкары, түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүү жана Темировка, Нововознесеновка, Тамга, Светлая Поляна, Кара-Коо, Ак-Булуң, Теплоключенка, Чычкан айылдарында 3G түйүнү камтыган аймакты кеңейтүү боюнча пландуу жумуштар жасалды.

О! мобилдик оператору алар үчүн О!дон байланыш эң ыңгайлуу баарлашуунун символу болуп калган көп сандаган туристтерди жана жергиликтүү тургундарды  ишенимдүү добуштук байланыш жана тез интернет-туташууну камсыз кылуу менен мобилдик жабдуу аймагын активдүү кеңейтип жатат. Жабдуу картасы o.kg сайтында жеткиликтүү.

О! мобилдик операторунан Ысык-Көлдө 4G-ылдамдыгынын тест-драйвы бар видео сюжетти бул жерден көрүңүздөр. 


Тизмеге кайтуу