О! Мобилдик оператору маалымдайт

30.01.2023

Урматтуу "О!Касса" программалык ККМ колдонуучулары!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №705 Токтомунун негизинде, 2023-жылдын 1-мартынан тарта «О!Касса» программалык ККМдин учурдагы 1.0.0 версиясын колдонуу мүмкүн болбой каларын эскертебиз. Ушул себептүү 01.03.2023-жылдан баштап, 1.0.0 версиясындагы «О!Касса» программалык ККМ кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим бузула тургандыгын маалымдайбыз.

Сиздер үчүн жаңыланган "О!Касса" программалык ККМдин Салык кызматынын акыркы талаптарына шайкеш версиясын (1.1.0) кошууга бардык O!Store дүкөндөрүндө күтөбүз. Шашылыңыз, 31.03.2023-жылга чейин жаңыртылган «О!Касса» кызматы абоненттик төлөмсүз көрсөтүлөт. Маалымат: https://kkm.o.kg/

Тизмеге кайтуу