О! Мобилдик оператору маалымдайт

14.12.2021

Урматтуу абоненттер!

Сиздерге 2021-жылдын 24-декабрынан тартып, «Переходи на О! 30 күн + O! Safe Kids», «Переходи на О! 115 + O! Safe Kids», «Переходи на О! Регион + O! Safe Kids», «Переходи на О! 30 күн Регион + O! Safe Kids» жана «Переходи на О! 120 + О! TV + O! Safe Kids» тарифтеринин алкагында интернетти колдонуу шарттары өзгөртүлө тургандыгын билдиребиз.

Эгер тарифтин шарттарынын алкагында көрсөтүлүп жаткан негизги интернет-топтом тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөм алуу мезгилине чейин колдонулса, анда жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин Абоненттерине 1 ГБ көлөмүндө кошумча интернет-топтом жеткиликтүү болот.

Кошумча (1 ГБ) интернет-топтомду колдонуу шарттары:

1. Топтомдун наркы – бардык салыктарды эсепке алуу менен 20 сом;

2. Топтомдун мөөнөтү – учурдагы тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу мезгилине чейин;

3. Топтом Абоненттин өздүк эсебинде жеткиликтүү акча каражаттардын болуу  шарты менен  тарифтин шарттарынын алкагында көрсөтүлгөн негизги интернет-топтом колдонулгандан кийин дароо берилет;

4. Кезектеги абоненттик төлөмдү алуу мезгилине чейин кошумча (1 ГБ) интернет-топтом   аяктап калса, кошумча интернет-топтом жогоруда белгиленген шарттарга ылайык кайрадан берилбейт.

5. Эгерде топтомду кошуу үчүн мурун акча каражаттары жетпей калган учурда, кошумча интернет-топтомду кошуу үчүн балансты толуктоо жетиштүү болот.

Бул өзгөртүүлөр интернетке үзгүлтүксүз кирүүнү камсыздоо максатында, төлөнгөн мөөнөттүн аягына чейин тарифтик план боюнча интернет-топтому жетпей калып жаткан абоненттерибиздин ыңгайлуулугу үчүн киргизилди.  707 контакт-борборуна кайрылуу менен бул опциядан баш тартуу мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин калган бардык шарттары мурункудай эле калат.


Тизмеге кайтуу