О! Мобилдик оператору маалымдайт
22.12.2020
Урматтуу абоненттер,
2021-жылдын 8-январынан тартып «башка түйүндөргө 10 мүнөт» жана «башка түйүндөргө 20 мүнөт» кызматтары үчүн абоненттик төлөмдүн наркы төмөндөтүлөт, анын көлөмү (бардык салыктарды эске алуу менен) төмөнкүдөй болот:
· «башка түйүндөргө 10 мүнөт» – 25 сом;
· «башка түйүндөргө 20 мүнөт» – 50 сом.
«Башка түйүндөргө 10 мүнөт» жана «башка түйүндөргө 20 мүнөт» кызматтарынын башка шарттары өзгөрүүсүз калат.