О! Мобилдик оператору маалымдайт
22.07.2022
Урматтуу абоненттер,
"Бирге Арзан Регион" жана " О!Үй-бүлѳ Регион" тарифтериндеги абоненттерге ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында 02.08.2022 ж. тартып, интернетти колдонуу эрежелери жакшыртылат. Негизги интернет-топтомун колдонгондон кийин абоненттердин онлайн болуулары үчүн автоматтык түрдө 20 сомго 1 ГБ берилет. Ушундай интернет топтомду бир күндүн ичинде максимум 5 жолу кошуп алса болот.
Калган бардык шарттар мурункудай калат.