О! Мобилдик оператору түйүндөн тышкаркы акысыз мүнөттөрдү кошуп жатат

11.02.2019

«НУР Телеком» ЖЧК (О! Мобилдик оператору) жигердүү катышуучусу болгон операторлордун ортосундагы туташуунун баасын төмөндөтүү боюнча активдүү иш-аракеттердин натыйжасында, 2019-жылдын 1-январында операторлор менен Антимонополия боюнча мамагенттиктин жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин катышуусунда КР мобилдик операторлорунун ортосундагы келишимдердин жана эсептешүүлөрдүн негизинде этап этап менен ырааттуу төмөндөтүү боюнча келишимге кол коюлду.  

Операторлор аралык коюмдар жана интерконнект боюнча жетишкен келишимдерди эске алуу менен О! Мобилдик оператору компаниянын учурдагы тарифтерине оң өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алгачкы кадамдарын таштады жана кошумча акысыз түйүндөн тышкаркы мүнөттөрдү кошууну баштоодо. 

Өзгөрүүлөр эмне үчүн топтомдук тарифтерга жана сунуштарга тиешелүү болот? Компаниянын маалыматтарына ылайык, азыркы учурда оператордун активдүү абоненттик базасынын 72%ы так ушул тарифтерди колдонушат.

Өз абоненттери үчүн чын эле керектүү жана пайдалуу кызматтарды сунуштоого умтулуу менен О! Мобилдик оператору 2015-жылдын башында «Переходи на О!» республикалык тарифтердин уникалдуу топтомун алгачкылардан болуп иштеп чыккан, ошондо эле түйүн ичинде акысыз чалуулар жана мобилдик интернеттен тышкары КР башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн 5тен 30 мүнөткө чейин кошулган. Бул тарифтердин топтому миллиондон ашуун абоненттин татыктуу баасына арзыды, анткени оператордун кызматтарын жайлуу колдонуу үчүн бардык керектүү нерселер камтылган, мында ар ким өзүнүн апталык интернет керектөөсүн же кошулган мүнөттөрүн эске алуу менен өзүнө ылайыктуу тарифти тандай алган.

Кийинчерээк рынокко компания мындай талаптарга жооп берген жеткиликтүү баадагы интернеттин тарифтик пландарын аймактардын жана аз калктуу пункттардын тургундарына жеткирүү максатында аймактык топтомдук тарифтик пландарды алып чыкты. Мында абоненттик төлөмү бир кыйла төмөн болгон аймактык тарифтер ошол учурда операторлор аралык туташуулардын аныкталбаган коюмдарынын айынан башка операторлордун номерлерине чалуулар үчүн мүнөттөрдү киргизе алган эмес.

Эми гана тиешелүү мамлекеттик ведомстволор менен кызматташуулардын натыйжасында жетишкен өзгөрүүлөргө ылайык, О! Мобилдик оператору жаңы акциянын алкагында «Переходи на О! Түштүк+» аймактык тарифинин кызматтар топтомунда абоненттик төлөмүн өзгөртпөстөн, КР башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 5 акысыз мүнөттү кошуп жатат. Тарифтин жакшырганын О! түйүнүнүн жүз миңдеген абоненттери 2019-жылдын 15-февралынан баштап байкай алышат.

 

 


Тизмеге кайтуу