O!Store дүкөндөрү мурунку иш графигине кайтып келди жана аксессуарларга -30% арзандатуу тартуулоодо!

06.08.2020

Бүт өлкө боюнча O!Store дүкөндөрү мурунку иштөө режимине кайтып келгендигин билдирет жана кардарларды ар түрдүү акциялар менен кубантууну улантууда.

Бишкек шаарынын соода борборлорунда жайгашкан дүкөндөрдө аксессуарларды -30% арзандатуу менен сатып алса болот.

«Биз убакытты текке кетирген жокпуз, дүкөндөрүбүздү жаңылоо боюнча чоң жумуштарды аткардык. Кээ бир дүкөндөрдө капиталдык оңдоо иштерин жүргүздүк, кээ биринде эски жумуш орундарын жаңырттык жана кардарлар менен жолугушууга жаңы дем менен келүүгө даярдандык. Биздин кызматкерлер толук кандуу иштөөгө ар тараптан даяр беткаптар жана санитайзерлер менен камсыздалды. Мобилдик байланыш маселелери боюнча кеңештер, смартфонду, анын аксессуарларын же Wi-Fi роутерди тандоодо жардам, – бул кызматтардын баарын сизге көрсөтөбүз!», - деп белгиледи О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров.

O!Store дүкөндөрүнөн Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor смартфондорун, ошондой эле Inoi, Jinga бюджеттик смартфондорду таба аласыз. Каалаган телефонду баштапкы төгүмсүз жана банктын үстөк пайызысыз кредитке же бөлүп төлөөгө сатып алса болот. Ушул эле жерден каалаган аксессуарларды тандап алсаңыз болот: телефондордун кабы, коргогуч айнектер, плёнкалар, переходниктер, адаптерлер жана көптөгөн башка нерселер. Консультанттарыбыз О! Мобилдик операторунун пайдалуу тарифин кошуп алууңузга жардам беришет. Толук маалымат 0705007000 номеринде жана ➡ ostore.kg сайтында.

O!Store дүкөндөрүнө кош келиниздер – сиздерди кайрадан көргөнгө кубанычтабыз!

Акцияга катыша турган дүкөндөрдүн тизмеси:

·         «ЦУМ», 1-кабат, Чүй пр., 155

·         «Бишкек Парк», М1-этаж, Киев көч., 148

·         ГУМ «Чынар», 1-кабат, Чүй пр., 92

·         Beta Stores 1, борбордук кириштин сол жагы, Чүй пр., 150А

·         Beta Stores 2, 1-кабат, Юнусалиев көч., 177/2

·         Vefa, 1-кабат, Горький көч., 27/1

·         «Азия Молл», 1-кабат, Ч.Айтматов атындагы пр., 3

·         «Дордой Плаза», 1-кабат, Ибраимов көч., 155.

·         «Беш Сары Сити», Бейшеналиева көч., 42а, Чүй проспектиси менен кесилишет

Акция 1000 сомго чейинки аксессуарларга 2020-жылдын 5-августунан 31-августуна (камтуу менен) чейин жүрөт. Товардын саны чектелүү, товар тастыкталган. Кредитти жана бөлүп төлөөнү «Дос-Кредобанк» ААК көрсөтөт, банк аларды берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: №037.

 

 


Тизмеге кайтуу