Жаңы О!Store Сокулук дүкөнүнөн аксессуарларга 20% АРЗАНДАТУУну тосуп алыңыз!

05.10.2018

Сокулук айылынын тургундары үчүн жагымдуу кабар! Бүгүн смартфондордун жана мобилдик аксессуарлардын кеңири түрү сунушталган жаңы фирмалык О!Store дүкөнү иштеп баштады.

Салт боюнча салтанаттуу ачылыш майрамдык маанайда өтөт, ал эми дүкөн бардык сатып алуучулары үчүн бүтүндөй аксессуарларга 20% АРЗАНДАТУУну тартуулайт! Бул сунуш бардык каптарга, кулаккаптарга, заряддоочу түзүлүштөргө жана башка жагымдуу жана керектүү майда нерселерге жеткиликтүү болот. Сиздерди тандоонун кеңири түрү жана мыкты тейлөө күтөт, О!Store дүкөнүнүн адистери Сиздин смартфонуңуздун моделине ылайыктуу буюмдарды тандап беришет же алынган девайска кызыктуу варианттарды сунушташат.

Акцияны колдонуу мөөнөтү чектелген: 2018-жылдын 5- октябрынан 31- октябрына чейин гана.

«Биз бардык О! кеңселерибиздин заманбап дүкөндөргө масшабдуу түрдө айлануусун улантуудабыз! Бүгүн өлкө боюнча жалпысынан О!нун 81 фирмалык филиалдары иштейт, анын ичинен 70и – бул жаңы форматтагы O!Storе дүкөндөрү. Азыркы учурда Чүй облусунун түрдүү калктуу пункттарында 8 дүкөнүбүз жайгашкан, булар смартфон сатып алуу же уюлдук байланыш боюнча консультация алуу үчүн облустук борборго же борбор калаага барууга убактысы жоктор үчүн абдан ыңгайлуу шарт түздү», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Ошондой эле ostore.kg сайтында смартфондорду онлайн тапшырык кылуудагы Акция улантылып жатат: 0 705 007 000 телефону аркылуу сатып алууну жолжоболоштурган ар бир киши 10 ГБ жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке ээ болот.  

Мындан тышкары, жаңы дүкөндө популярдуу “О!го которул” топтомунун тарифине 50%га чейинки арзандатуу менен смартфондорду насыяга тез арада жолжоболоштуруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Сиздерди төмөнкү дарек боюнча күтөбүз: Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү, 147, дүкөн Globus гипермаркетине киргенде оң тарапта жайгашкан. Дүкөн күн сайын, дем алышсыз иштейт. Иштөө графиги: саат 9:00 дон 18:00 чейин, түшкү тыныгуу 13:00дөн 14:00гө чейин.


Тизмеге кайтуу