Кыргызстанда турист үчүн кайсы мобилдик түйүн менен интернет ылайыктуу

23.06.2022

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамчы аэропорту Москва, Екатеринбург жана Санкт-Петербург шаарларынан туристтерди үзгүлтүксүз кабыл ала баштады. Кыргызстандын берметин көрүш үчүн коңшу Казакстандан, Өзбекстандан, ошондой эле планетанын ар кайсы булуң-бурчунан миңдеген киши келет.

Ар бир туристке биринчи кезекте – мобилдик байланыш жана интернет керек. Өлкөгө келер замат түйүнгө кошулууга О!Мобилдик операторунун промоутерлери жардам беришет. Баса, О! Мобилдик оператору - 4G/3G/2G түйүндөрүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери. О! түйүнү өлкөнүн калктуу аймагынын 99%дан көбүн камтыйт.

Ошондой эле сиздер абоненттерди тейлөө боюнча O!Store ири тармагынын кеңселеринин бирине бара аласыздар. Ысык-Көл областында 14 филиал иштейт. Өлкө аймагындагы 113 дүкөндүн даректерин ostore.kg сайтынан таба аласыздар. Оператордун төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн миңдеген фирмалык терминалы бар экендиги өзгөчө ыңгайлуу. Терминалдар кадам сайын дээрлик ар бир дүкөнгө орнотулган. Төлөм улуттук валюта – сом менен кабыл алынат.

Мобилдик бейиш - O!Store дүкөнүн танда

«Жайкысын курорттук шаарлар менен айылдардагы O!Store дүкөндөрү соода тармагыбыздын күзгүсү болуп эсептелет. Биз Ысык-Көл жээгинин конокторунун эс алуусу жагымдуу жана сапаттуу болуусун камсыздоого умтулабыз. Ыңгайлуулук үчүн жаңы филиалдарды ачабыз, пайдалуу акцияларды өткөрөбүз», – деп белгилейт О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Равшан Бакиров.

1_O!Store.jpg2_O!Store.jpg3_O!Store.jpg

Пайдалуу байланыш кызматтары менен интернетти кошууга O!Store дүкөнүнөн жардам беришет. Бул жерден Xiaomi, Samsung, Tecno, Honor, POCO, INOI, Infinix, Realme, Apple, OnePlus, Itel, Jinga бренддеринин расмий өкүлдөрүнөн смартфондорду сатып ала аласыз. Өзүңүздү заманбап түзүлүштөр жана аксессуарлар менен жабдый аласыз – пауэрбанктардын, кулакчындардын, JBL колонкаларынын, заряддоочу түзүлүштөрдүн, каптар менен айнектердин, унаа үчүн аксессуарлардын, мыкты RivaCase рюкзактары менен сумкаларынын, кызыктуу «акылдуу» түзүлүштөрдүн, ал тургай улуттук сувенирлердин кеңири ассортименти бар.

4_O!Store.jpg

БААРЫНА ЧЕКСИЗДИК мурда болуп көрбөгөндөй жеткиликтүү!

Булардан тышкары, Кыргызстанда каражаттарды үнөмдөө үчүн башка өлкөлөрдөгүдөй улам сайын Wi-Fi издөө зарылдыгы келип чыкпайт. Кыргызстандагы мобилдик байланыш жана интернет дүйнө жүзүндөгү эң жеткиликтүүлөрдүн алдыңкы бештигине кирет. Туристтер көбүнчө  чексиз топтомдорду тандашат.

2022-жылдын туристтери өзгөчө жолдуу болушту. Учурда О!нун бардык жаңы абоненттери үчүн акция жүрүп жатат. «Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗДИК» тарифин 4 жумага 750 сомдун ордуна болгону 495 сомго кошуп алуу мүмкүн. Салыштыруу үчүн: 495 сом – болжол менен $6. Мындай чексиздикти эч жерден таба албайсыз.

Баарынан кызыктуусу – топко кирген тарифти төмөндөтүлгөн баа менен дагы 2 жолу узартса болот. Башкача айтканда, 3 ай бою О!дон супер мыкты мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана аласыз.  

1200x400_BNV_Moi O! kg (1).png

Жай бүткөнгө чейин - 2022-жылдын 31-августуна чейин жаңы SIM- картаны активдештирген жаңы абоненттер гана кошула алышат. Кененирээк o.kg сайтында.

Кош келиңиздер – Добро пожаловать!


Тизмеге кайтуу