Номериңизди О! мобилдик операторунун түйүнүндө кантип жашыруун кылуу керек?

06.06.2017

О! мобилдик операторунун сүйлөшүүлөрдүн конфиденциалдуулук деңгээлин жөнгө салуучу түрдүү эки кызматы бар.

Кантип кошуу керек?

  • Чексиз жашыруу. Эгер Сиз дайыма Сиздин чалууңуз күтүлбөгөн белек болууну кааласаңыз, «АнтиАОН» кызматын пайдаланыңыз. Бул сервис каалаган телефон номерине чыгуучу чалууларда өз номериңизди дайыма жашыруун кылууга мүмкүндүк берет. Кызматты 747# чакырык буйрутмасы менен кошуңуз. Сырдын баасы – кызматты кошуу үчүн 19,99 сом жана «инкогнито» режиминде чалуу үчүн 4,99 сом/күнүнө.
  • Номерди билүүгө бир жолку тыюу салуу. Номерди жашыруун кылуунун дагы бир жолу бар, бирок ал белгилүү бир сүйлөшчү адам үчүн гана «АнтиАОН+» кызматы аркылуу мүмкүн.Ал үчүн алдын ала  кызматты *731#чакырык менен кошуп,   #31# абоненттин номерин терүү керек.  Активдештирген учурдан тартып алгачкы  3 күн акысыз берилет.  Андан кийин абоненттик төлөм болгону 1,99 сом/күнүнө түзөт.

«АнтиАОН» сериясындагы кызматтар жөнүндө кенен маалыматты компаниянын сайтынан www.o.kg «Чалууларды башкаруу» бөлүмүнөн билүүгө болот.

 


Тизмеге кайтуу