Байланышка роумингде кантип үнөмдөө керек? О! мобилдик операторунан 6 кеңеш

16.06.2017

Өргүү мезгили жакындап келет жатат, ошол себептен чет өлкөдө жүрүп да, Мекендеги маанилүү иштерден алыстабастан байланышта болууга болот. Биз сиздер үчүн чет жерде жүргөндө мобилдик байланыш жана интернет үчүн төлөөнү үнөмдөөгө жардам бере турган кеңештерди топтодук. Роман Литвинов, О! мобилдик операторунун роуминг жана интерконнект кызматынын жетекчиси, алардын кээ бирлери менен бөлүштү.

Кеңеш #1, эң маанилүүсү, О! мобилдик операторунун «Интернет-роуминг» кызматын кошууга байланыштуу, анын чегинде Россиянын, Казакстандын жана Түркиянын операторлорунун түйүндөрүндө 1 мегабайт болгону 1 сом турат! Дал ушул кызмат роумингди эркин колдонууга: мессенджерлерден жазышууга, алар аркылуу чалууларды жасоого, фотолор менен бөлүшүүгө жана файлдар менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Акысыз жана абоненттик төлөмсүз *997# буйрутмасы аркылуу кошулууга болот. «Интернет – роуминг» кызматынын чегинде эч кандай төлөмдөр жок, тарифтештирүү анык колдонулган трафик үчүн гана жүргүзүлөт. Казакстанда жүргөндө О! менен роумингде кантип үнөмдөө жөнүндо видеону бул жерден көрүңүз →: YouTube

«Атайын дисконт-тарифти ишке киргизүү үчүн биз кыргызстандыктар эң көп сураган өлкөлөрдү тандап алдык, биздин абоненттер ал жакка өргүү учурларында гана эмес, иш сапарлар менен да барышат, - дейт Роман. - 1 МБ өлчөмүндөгү трафик каалаган мессенджерде болжол менен  50 билдирүү алышып-беришүүгө же 2 мүнөт сүйлөшүүгө жетет. Ошондой эле, мисалга, популярдуу  мессенджерлердеги бир сүрөт болжол менен орточо 200 килобайт «салмакта» - демек 1 сомго сиз болжол менен 5 фото жүктөп же жөнөтө аласыз».

Чет жакка чыкканга чейин сиз бара турган өлкөдө колдонуп жаткан тарифтер жөнүндө билип, сизде роуминг кызматты кошулгандыгын же кошулбагандыгын текшерип алуу пайдалуу. Ошондой эле балансты текшерип, зарыл болсо аны толтуруу керек. Маселелер жаралса, О! мобилдик операторунун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринин бирине кайрылыңыз же  компаниянын сайтына www.o.kg кириңиз.

Чет жакка чыгаардан мурда өз телефонуңузду сиз мурда орноткон тиркемелерди жана программаларды жаңылоого интернет-трафик коротпош үчүн кантип тууралоо керек?

Кеңеш #2 Телефондогу тиркемелердин автожаңылоосун өчүрүү;

Кеңеш #3 Өз аккаунтуңуздагы автоматтык синхрондоштурууну (почта, календарь, фото, документтер ж.б.) өчүрүү;

Кеңеш #4 Соцтармактарда жана  мессенджерлерде автожүктөөнү өчүрүү;

Кеңеш #5 Facebook үчүн лентадан видеону сурам боюнча ойнотууну күйгүзүү;

Кеңеш #6 Wi-Fi-дан мобилдик маалыматтарга автоматтык которууну өчүрүү.

О! мобилдик оператору менен роумингде эркин баарлаш!


Тизмеге кайтуу