Кантип дароо 10ГБ интернетке ээ болсо болот? Биз айтып берели.

06.05.2020

Абоненттерин колдоонун алкагында О! Мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесинде бир нече мүнөт гана коротуу менен үйдөн чыкпай туруп 10 ГБ интернетке толугу менен ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунат. «О!Деньги» электрондук капчыгынын аралыктан онлайн-идентификация пилоттук долбооруна катышуу, бир катар жөнөкөй аракеттерди аткаруу гана жетиштүү. Даяр!

10 ГБ акысыз интернетке ээ болуу оңой!

  1. App Store же Google Play платформаларында «Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз жана орнотуңуз (же акыркы версиясына чейин жаңылаңыз).

  2. «Мой О!» тиркемесинде авторизациядан өтүңүз жана «О!Деньги» бөлүмүн тандаңыз.

  3. Эгерде сиздин капчык идентификацияланбаган болсо, анда сиз башкы экрандан идентификациядан өтүү сунушун көрөсүз.

  4. Онлайн-өтүнмөнү толтуруңуз.

Акция «Переходи на О!», «Сенин Супернөлүң» жана «Сенин нөлүң» тарифтик линейкаларынын абоненттери үчүн жүрөт.

Эмне үчүн идентификациядан азыр өтүү маанилүү?

КРнын Улуттук банкынын Токтомуна ылайык, электрондук капчыктарынын бардык колдонуучулары 2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификацияланышы керек. Көрсөтүлгөн күндөн тартып идентификацияланбаган капчыктарды колдонуу мүмкүн болбой калат.

Бүгүнкү карантин учурунда үйдөн чыкпастан социалдык аралыкты сактоо эрежелерине ылайык, кызматтардын толук спектрин аралыктан алуу муктаждыгы келип чыкты.

Компаниянын иштеп чыгуучулары үйдө отурууга мажбур болгон кыргызстандыктарга кам көрүштү, кыска мөөнөттүн ичинде ыңгайлуу инновациялык чечимди иштеп чыгышты.

Эми сиздин электрондук капчыктын идентификациясын онлайн режиминде түз эле «Мой О!» тиркемесинен өтүүгө болот.

Идентификация кандай кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет?

  1. Лимиттерди көбөйтүү, каражаттарды көбүрөөк сактоо жана коротуу – электрондук капчыктын эсебинен айына 100 000 сомго чейин.

  2. Онлайн-оюндарды, соцтармактарды, байланыш операторлорунун балансын толуктоо менен бирге каталогдогу бардык кызматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү. 

  3. Тиркемедеги бардык мамлекеттик кызматтарга толугу менен кирүү мүмкүнчүлүгү: транспорттук каражаттары үчүн салыктын суммасы жөнүндө маалымат, жарандардын даректик каттоо маалыматтары жана паспорттук маалыматтары, бюджетке жасалган төлөмдөр боюнча билдирмелер жана башкалар.

  4. Каражаттарды башка «О!Деньги» жана Qiwi-капчыктарга которуу мүмкүнчүлүгү.

Акция тууралуу толук маалымат бул жерде.

Акция 2020-жылдын 1-июнуна чейин жүрөт. 10 ГБ интернет-топтому 7 календарлык күнгө жеткиликтүү. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лиц.: №2021030817, №3022030817. Идентификация «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан жүргүзүлөт. КР УБ лиц.: НБКР №037. МТжБМК караштуу МБА лиц.: №16-0062-КР, №16-0063-КР.


Тизмеге кайтуу