PLATINUM категориясындагы абоненттик номерди берүү менен «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө укукту сатып алуу үчүн ачык аукционду өткөрүү боюнча билдирүү

17.02.2021

«НУР Телеком» ЖЧК («О!» СМ) Platinum категориясындагы абоненттик номерди берүү менен «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө укукту сатып алуу үчүн 2021-жылдын 01-мартынан 2021-жылдын 31-августуна чейин ачык аукционду өткөрө тургандыгын билдирет.

Аукциондордун уюштуруучусу:  «НУР Телеком» ЖЧК («О!» СМ).

Уюштуруучунун юридикалык дареги: Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2, 2-блок.

Аукциондун түрү: ачык аукцион.

Тооруктун формасы: Platinum категориясындагы абоненттик номерди берүү менен «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө укукту сатып алуу үчүн уюштурулган онлайн-тооруктар, тоорук учурунда Лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган, же Лотту блиц-баа менен сатып алууну сунуштаган Аукциондун Катышуучусу ар бир Лот боюнча жеңүүчү катары эсептелинет.

Тооруктун кадамы: Тооруктун кадамы 1000 (бир миң) сомго калдыксыз бөлүнүүчү өлчөмдө белгиленет. Тооруктун минималдык кадамы КНС жана СС эске алуу менен - 1000 (бир миң) сом.

Шертпул: Тоорукка катышкан ар бир Катышуучу ар бир Лот үчүн өзүнчө (бардык салыктарды эске алуу менен) 1000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү шертпул төлөйт.

Аукциондун катышуучусу: ишке жарамдуу, 18 жашка чыккан адам, же тооруктун каттоосунан өткөн алдын ала төлөм тутуму менен тейленген юридикалык тарап.

Аукционго катышууну каалаган адам «НУР Телеком» ЖЧК түйүнүнүн SMS билдирүү жөнөтө алган тарифтик планы менен катталуу учурунда шертпулду төлөгөнгө жеткиликтүү балансы бар активдүү SIM картасынын ээси болушу керек же сатып алуусу керек. 

Тоорукка катышуу үчүн PLATINUM категориясындагы абоненттик номерди берүү менен «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзүүгө укукту сатып алуу үчүн ачык аукционду өткөрүү боюнча эрежелер менен таанышуу жана конкреттүү Лот боюнча кыска номерге SMS жөнөтүү менен Катышуучу катары катталуу керек, сиздин бул Эрежелерге макулдугуңузду бергендигиңизди тастыктайт.

Тоорукка катышууга каттоо Катышуучунун абоненттик номеринен Аукциондун Лотуна шайкеш келген кыска номерге каалаган SMS-билдирүү жөнөтүү менен ишке ашат. Шертпулдун суммасы тоорукка катышууну тариздөө процессинин жүрүшүндө Катышуучунун абоненттик номеринин балансынан автоматтык түрдө алынат.   Кыска номерлер жана Аукциондун тиешелүү Лоттору тууралуу маалымат vipnomer.o.kg интернет-сайтында жайгаштырылат.

Ар бир конкреттүү Лот үчүн эң жогорку баалык сунушун биринчи болуп берген, Уюштуруучу тарабынан тоорук аяктаган учурда койгон баасы кабыл алынган жана катталган Катышуучу Тооруктун жеңүүчүсү болуп саналат. Мында экиден кем эмес Катышуучунун болушу зарыл.

Ошондой эле ар бир конкреттүү Лот боюнча жеңүүчү катары Уюштуруучу тарабынан койгон баасы кабыл алынган жана катталган, Лотту блиц-баа менен сатып алуу үчүн сунушун биринчи болуп берген Катышуучу эсептелинет.

Конкреттүү Лот боюнча тооруктун жеңүүчүсү байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу келишимди Аукциондун Уюуштуруучулары белгилеген тартипте түзүү жана конкреттүү лот боюнча тоорук аяктагандан 3(үч) иш күнүнүн ичинде толук көлөмдөгү сатып алуу баасын төлөө милдетин өз мойнуна алат.

Конкреттүү Лот боюнча тоорук аяктагандан 3 (иш) күнүнүн ичинде Уюуштуруучу өзүнөн көз каранды эмес себептерге байланыштуу тооруктун Жеңүүчүсү менен байланыша албаган учурда, же Аукциондун Уюштуруучусу белгилеген убакытка байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүүгө Жеңүүчү келбеген учурда, же сатып алуу баасын толук көлөмдө төлөбөй койгон учурда, анда бул Лот боюнча тооруктун жыйынтыктары жокко чыгарылат. Мында Жеңүүчү аукцион чегиндеги бардык ачык жана келечекте боло турган тооруктардан чыгарылат жана 1000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү шертпул Жеңүүчүгө кайтарылып берилбейт.

Platinum категориясындагы конкреттүү премиум-номерди берүү менен «НУР Телеком» ЖЧК байланыш кызматын көрсөтүү тууралуу Келишимди түзүү үчүн тооруктун Жеңүүчүсү тоорукка катышкан SIM-картаны жана кимдигин тастыктаган документин көрсөтүүсү зарыл.

Конкреттүү лот боюнча ачык аукционду өткөрүү боюнча Эрежелери, баштапкы баасы жана блиц-баасы менен https://vipnomer.o.kg/ интернет-сайтынан кененирээк тааныша аласыз.


Тизмеге кайтуу