О! Мобилдик операторунан Кытайда интернет-роуминг: болгону 1 сомго 1 Мб!

01.08.2019

Ишкерлер жана Кытайга саякаттаганды жакшы көргөндөр үчүн мыкты жаңылык! О! Мобилдик оператору менен Кытайдын мобилдик байланышынын дүйнөлүк гиганты China Mobile түйүнүнүн ортосунда 2019-жылдын 1-августунан баштап, Кытайда О! Мобилдик операторунун интернет-роуминг кызматын колдонгон абоненттерге болгону 1 сомго – 1 мегабайт жеңилдетилген тариф жүрө тургандыгы тууралуу макулдашылды!

– Сонун! Андан да арзан болобу?!, – деп сурашыңыз мүмкүн.

– О! абоненттерине баары болот! – деп биз жооп беребиз.

Интернет-топтомдорду кошуп алыңыз. Алар менен сиз пландаштырганыңыздан ашык сарптабай тургандыгыңыз кепилденген жана роумингдеги интернетке супербаа менен 10% арзандатуу менен ээ болосуз:

  • «Интернет-роуминг 50 МБ». Кошуп алуу буйрутмасы: *997*50# (45 сом)
  • «Интернет-роуминг 100 МБ». Кошуп алуу буйрутмасы: *997*100# (90 сом)
  • «Интернет-роуминг 250 МБ». Кошуп алуу буйрутмасы: *997*250# (225 сом)
  • О! роуминг кызматын акысыз жана абоненттик төлөмсүз, О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңсесине барбастан кошуп алуу мүмкүн. Кыргызстандан чыгар алдында акысыз *997# буйрутмасын терүү жетиштүү болот.

    Ушул эле акысыз буйрутма 1 сом/1Мб пайдалуу тарифин төмөндөгү түйүндөрдө да активдештирет: Tele2 и Мегафон (Россия); Tele2 (Казакстан); Ucell (Өзбекстан); Turkcell (Түркия); Saudi Telecom Company (Сауд Арабиясы), True Move (Таиланд), Viettel (Вьетнам), Vodafone (Украина).

    Эсиңиздерде болсун, чет өлкөдө жүргөндө бардык О! абоненттерине роумингде акысыз техникалык колдоо жеткиликтүү жана баары жайында экендигин  жакындарына билдирүү мүмкүнчүлүгү бар. 

    Роуминг кызматтарынын тарифтери менен компаниянын  www.o.kg  сайтынан «Роуминг» бөлүмүнөн таанышса болот.

    О! менен бирге саякатта жана ар дайым байланышта бол!


    Тизмеге кайтуу