Көчмөндөр оюндары: көк-бөрүнүн финалын O!TV тиркемесинен түз эфирден көрүңүздөр

07.09.2018

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк-бөрү боюнча финалы! Бүгүн, 7-сентябрда, Кыргызстандын жигиттери күчтүүлөрдүн күчтүүсүн аныкташ үчүн Өзбекстандын курамасы менен беттешет!  

Көптөн бери күттүргөн бүйүр кызыткан оюндун финалы саат 18:00дө болот. Күйөрмандарды тең тайлаш Кыргызстан – Өзбекстан атаандаштарынын таймашы күтөт.

O!TV тиркемеси менен кайсы жерде болбоңуз, КТРК жана КТРК-спорт телеканалдарында беттештин чордонунан түз берүүнү смартфонуңуздун экранынан көрө аласыз.

Акысыз O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз да, кызматты *750*1# (күнүгө 3 сом) буйрутмасы менен кошуңуз.

Эскерте кетсек, жарым финалда Москва облусу эбегейсиз чоң эсеп менен Кыргызстанга жеңилди, ал эми Казакстан биринчи жолу финалга чыгып жаткан Өзбекстанга утулду. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда 3-4-орундар үчүн беттеш болот. Анда Казакстан менен Москва облусунун курамалары ойнойт. Турнирдин баш байгеси үчүн Кыргызстан менен Өзбекстан ат салышат.

16.00 – 3-4-орун үчүн оюн

Казакстан — Москва облусу

18.00 – финал

Кыргызстан — Өзбекстан

Келгиле, O!TV менен бирге биздин жигиттерди, Кыргызстанды колдойлу!

 


Тизмеге кайтуу