O!Store дүкөнүндө популярдуу Xiaomi смартфондоруна эбегейсиз арзандатуулар

25.06.2018

Смартфонго тарткан сүрөттөрдүн сапаттуу болушу - бүгүнкү күндө жаңы девайсты тандоодогу бирден бир көңүл бура турган өзгөчөлүгү болуп саналат. Кээ бир учурда өндүрүмдүүлүгү деле анча маанилүү болбой калат, анткени азыр телефондор акыркы айфондордон 4 эсе арзан болгону менен алардан кем калбай эле “учушат”. Смартфонго азыр биз жаратылыш койнунда эс алуубуздан баштап, досубуздун үйлөнүү үлпөтүнө чейин баарын тартабыз. Xiaomi смартфондору бул багытта мыктылардын мыктысы болуп саналат жана аларга бүгүнкү күндөн баштап, O!Store дүкөндөр тармагында ЭБЕГЕЙСИЗ АРЗАНДАТУУЛАР башталганы жатат! Баланска +600 сом БОНУС алуу кошумча мүмкүнчүлүгү сакталат!

O!Store дүкөндөр тармагы расмий жеткирүүчү менен түздөн-түз иштегендиктен, сунушталып жаткан түзүлүштөрдүн сапатын 100% камсыздайт жана толук севристик тейлөө кепилдигин берет.

  • Xiaomi Redmi 5 жана Xiaomi Redmi 5 Plus – сарамжалдуулукту сүйгөндөр үчүн must-have бөлүмүнүн смартфондору. Анча деле көп эмес акчага сиз жакшы өндүрүмдүүлүгү жана бир нече жылга чейин жеткиликтүү болуп келе жаткан операциондук тутуму менен ишенимдүү түзүлүштөргө ээ болосуз. Бул аппараттарды мультимедиалык контентти сарптоо үчүн жеткиликтүү смартфондордун мыктысы деп тайманбай атаса болот. Redmi 5 смартфонунун баасы арзандатуу менен - болгону 10 990 сом, 32 ГБ ички эстутуму менен Redmi 5 Plus смартфонунун баасы - 12 590 сом, 64 ГБ эстутуму менен - 13 990 сом.

  • Xiaomi Redmi S2 – дүйнөнү селфи башкарып калганына көп болду, ошондуктан жазгы жаңылыктын маңдайкы камерасы 16 мегапикселдүү сенсорго ээ болгондугуна байланыштуу, моделдин атына S тамгасы кошулду. Анын үстүнө өз баа диапозонунда эң мыкты селфи-камера жана акыркы iPhone X смартфонуна укмуштуудай окшоштугу бар, ошонукундай эле сырткы тарабында эки катар камера турат. Xiaomi Redmi S2 смартфонунун талашсыз артыкчылыктарына бир эле учурда эки SIM-картаны, microSD эстутум картасын орнотуу мүмкүнчүлүгү жана жакшы автономдуулук (бир жарым күн активдүү колдонуу) деңгээли кирет. Арзандатуу менен баасы - 12 590 сом.
  • Xiaomi Mi A1 – арткы панелде дароо эки камерага ээ, экөө тең 12 Мп уруксаты бар, ар биринини түстүү болгону да маанилүү. Бир камеранын объективи чыгышта эки эсе оптикалык зумду берет. Ошондой эле, Xiaomi Mi A1 смартфону кадимки фотокамералардын ишин туурап, сүрөттүн арткы фонун программалык жууп салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул моделдин өзгөчөлүгү, компаниянын фирмалык MIUI тышы жок “нукура” Android менен алгачкы смартфон экендигинде. 32 ГБ ички эстутуму бар версиясынын баасы арзандатуу менен 13 590 сом, 64 ГБ эстутуму менен - 14 990 сом.
  • Xiaomi Mi Mix 2 – бул флагман өзүнүн тышкы премиум көрүнүшү жана камерасынын 18 караттуу алтын алкагы менен жүрөктөрдү багынтты — азем, шөкөт, сулуулук! Xiaomi смартфондорунун эсептөөчү графикалык ресурстарына эч качан суроолор туулган эмес. Компания эң өндүрүмдүү толуктоочу бөлүктөрдү колдонот, бул жолу аппараттын модели өз параметрлери менен кубандырат. Аппараттын баасы арзандатуу менен 34 590 сом.

www.ostore.kg сайтында, бардык O!Store дүкөндөрүндө сизди жапжаңы телефон күтүп жатат, акысыз жеткирүү үчүн 0705 007 000 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу тапшырык жолжоболоштурса болот. Бүт Кыргызстан боюнча каржылоонун ислам принциптери боюнча комиссияСЫЗ жана кепилСИЗ насыяга жана бөлүп төлөөгө жеңил жана тез жолжоболоштуруу жеткиликтүү. Көңүл бургула: арзандатуу менен смартфондордун саны чектелүү.


Тизмеге кайтуу