«О!Деньги» электрондук капчыгы эми Beeline жана MegaCom абоненттерине дагы жеткиликтүү болуп калды!

20.09.2018

Азыркы заманбап дүйнөдө бардык эле учурда мурдагы күнүмдүк милдеттерди аткарууга убакыт жетпей калат. Мисалга алсак, коммуналдык кызматтарга, ТВ же интернетке төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн көбүнчө почта бөлүмдөрүн же терминалдарды издөө муктаждыгынан улам, алар кийинкиге калтырыла берет.Так ошондуктан, төлөмдүн көнүмүш, салттуу ыкмаларынын ордуна төлөм процесстерин бир кыйла жеңилдетүүчү инновациялык түрлөрү пайда болду. Бул ыкмалардын бири былтыр күздөн баштап колдонуучулардын ишенимине жана сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «О!Деньги» электрондук капчыгы болуп калды.

«О!Деньги» төлөм куралы жакын мезгилге чейин О! мобилдик операторунун абоненттерине гана жеткиликтүү болчу, бирок азыр анын мүмкүнчүлүктөрү Beeline жана MegaCom операторлорунун миллиондогон абоненттери үчүн дагы ачылды! Кайсы операторду тандарыңыз маанилүү эмес, тиркемени жүктөө, катталуу үчүн өз мобилдик номерин киргизүү жетиштүү - «О!Деньги» электрондук капчыгынын бардык кызматтары сиз үчүн дал ошол мүнөттөн баштап жеткиликтүү боло баштайт!

Эми ар бир кыргызстандык колундагы смартфону менен үйдө олтуруп, же иш кеңсесинен төмөнкү кызматтарды оңой жана тез бүтүрө алат:

  • «Народный» жана Globus маркеттеринин тармагынан сатып алууларын төлөө;

  • Коммуналдык кызматтарга, интернет жана кабелдик телевидение үчүн төлөө;

  • Каалаган мобилдик телефондун балансын толуктоо;

  • Электрондук капчыкты банктык картанын жардамы менен, же О! терминалдар түйүнүндө комиссиясыз толуктоо;

Жаңы абоненттер, алдыңкы колдонуучулардын катарына кош келиңиздер! «О!Деньги» тиркемесин PlayMarket же App Store платформаларынан жүктөп алыңыз да, мезгил менен бирге кадам таштаңыз!

Маалымат үчүн:

  • Сервис боюнча каалаган сурооңузду тиркеменин «Онлайн чат» жана «Колдоо кызматына чалуу» пункттарынан бере аласыз;

  • Сиз максималдуу ыкчам жооп ала турган Telegram мессенджериндеги @odengi_bot дарегине бота жаза аласыз,;

  • Жаңылыш төлөм жүргүзүп алган учурда 999 (О! абоненттери үчүн) жана 0 700 000 999 (башка түйүндөрдүн абоненттери үчүн) телефондоруна чалып, жардам алсаңыз болот.

Сервис тууралуу толук маалымат жана көп берилүүчү суроолордун жооптору dengi.kg сайтында жайгаштырылган.


Тизмеге кайтуу