Кыргызстандык мушкер кантип UFC лигасында болуп калгандыгы тууралуу айтып берди

11.12.2020

Икс күнү жакындап келе жатат – ушул жекшемби күнү эле Атаман каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Лас-Вегаста (Невада штаты, АКШ) UFC 256 турниринин негизги кардында беттешет. Анын атаандашы бразилиялык Ренато Мойкано болот. Физиев UFС турниринде үч беттештин экөөсүн жеңген, ал эми атактуулукка «Матрица» фильминдеги Неонун стилиндеги ыкмаларынын артынан жеткен.   

13-декабрда, саат 09:00дө Рафаэль Кыргызстандын атынан беттешке чыгат, беттешти сиздер менен биз UFC ТВ каналында O!TV тиркемесинде көрөбүз.

Беттешке эки күн калганда О! Мобилдик операторуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда Рафаэль өзүнүн спорттогу калыптануусу, кантип UFC лигасында болуп калгандыгы, боло турган беттеш жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

- Салам, Рафаэль! Эмне үчүн «Атаман» болгонуңду айтып берсең?

- Мен «Офицеры», «Место встречи изменить нельзя», «В зоне особого внимания» сыяктуу тасмалар аркылуу тарбияландым. Атаман каймана атын мага менин аскердик иштерди жакшы көргөнүмдү билгендиги үчүн машыктыруучум Павел Федотов берген. Ошондой эле балалык кездеги дагы бир окуяны айтып берейин. 1-класста окуп жүргөн кезим болчу, мектептен келсем, атам менден сурап баштады: «Кандай, уулум, класста ким атаман экен?». Мен ал жаман сөз экен деп ойлоп мен эмесмин деп жооп кайтардым, анда атам ачуулана түштү: «Кандайча? Сен эмне класста баарынан токмок жеп жатасыңбы?». Атаман деген «күчтүү» дегенди билдирерин мага кийин түшүндүрүп беришти. Ошондон бери мен мектептегилердин баарына : «Мен класстын атаманымын!» деп айтчумун.

Screenshot_1.png

- Жекеме-жеке беттештерге кантип келип калдың?

Мен мушташканды бала кезимден жакшы көрөм. Мен айыл жеринде төрөлүп, 12 жашыма чейин жашадым. Биздин өзүбүздүн эрежелерибиз бар болчу. Күн сайын, мектепте, көчөдө мушташчубуз. Бизден улуулар бизди чогултчу да: «Сен жана сен, мушташасыңарбы?» дешчү. Ким баш тартса, аны - «кап» деп коюшчу, аны менен эч ким ойночу эмес, футбол ойногондо пас дагы берчү эмес. Шаарда баары жумшагыраак.

- Жашооңдогу кайсы учурду «бурулуш» учур деп эсептейсиң?

- 2015-жыл, мен Кыргызстандагы ИИМ Академиясын аяктаган жыл. Мен китепкананын жашыруун архивдеринде күндөп түндөп жоголуп жүрүп, дипломумду «эң мыкты» деген баада жактадым, дал ошол учурда мен органдардан кетүү боюнча татаал чечимимди кабыл алууга туура келди. Атам менен сүйлөштүм да, аны мушкер боло ала турганыма ынандырдым. Ата-энем мени колдоду. Мен өзүмө конкреттүү мөөнөттү белгилеп алдым – UFC лигасына 26 жашыма чейин кирүү! Ошондой эле болду!

- 2017-жылы тай боксу боюнча беттеште сен атаандашыңдын соккусунан «Матрицадагы» Неодой болуп чыгып кеткен видеоң да дал өз учурунда чыкты окшойт. Бул видео YouTube каналында 2 миллион көрөрмандын назарын бурду!

- Ооба, баарына белгилүү болгондой, UFC турнирине катышуу үчүн өзүңдүн арсеналыңда мөөнөткө чейинки беттештер жана сени дүйнө жүзүнө тааныта турган өзүңдүн «фишкаңдын» болушу абзел. Менин учурумда – иш жүзүндө көпчүлүк аткара албай турган «матрицадагы» ошол ыкма болуп калды. Бул тай боксунун базалык көнүгүүсү. Маселенин экинчи жагы бар, көп эле киши мындай ылдый аткаруу тобокелдигине бара албайт. Мен аткара алдым.

Screenshot_2.png

- Дүйнөнүн эң күчтүү лигасы – UFC менен келишим түзгөндөгү сезимдериң кандай болду?

- Шок! Мен азыркыга чейин ошондой абалдамын. Айылда төрөлгөн, кадимки шаарда, кадимки райондо чоңойгон, кадимки мектепте окуган жигит үчүн чоң жоопкерчилик. Баарын башаламан кылган коронавируска байланыштуу абалга карабастан азыркы учурда Таиландда жашап жатам. Машыгуулар үчүн эң мыкты жер.

Screenshot_3.png

- Сен эже-сиңди Шевченколор менен спаррингге чыккансың. Силер бири-бириңер менен баарлашасыңарбы? Мекениңер бир – Кыргызстан эмеспи.

- Биз спаррингге чыкканда мен 14 жашта болчумун, ал эми Валя менин алгачкы беттешимде рефери болгон. Мамилелерибиз ар дайым жакшы, биз абдан көп сүйлөшөбүз, кат жазышабыз, алар Таиландга келгенде жолугуп турабыз.

- Сенин UFC`деги кийинки пландарың кандай?

- Азыркы башкы максат – өзүңдү бекемдеп, көрсөтүү болуп саналат. Мен эми дароо азыр чемпиондук курду кыялданып жатам деп айта албайм, менин өзүмдүн жолум бар. Мени олуттуу мушкер катары таанышса, мени менен октагонго жолугушууга даярданышса деп каалар элем. Азыр мен ар бир беттештен бонустарды топтоп, өзүмдүн позицияларымды бекемдешим керек. Менин UFC`деги принципиалдуу максатым – бул мүмкүн болушунча көбүрөөк бонустарды топтоо. Ошондуктан мен аракет жасайм.

- Сенин кийинки беттешиң 13-декабрда UFC 256 турниринин алкагында Ренато Мойкано менен өтөт. Даярдыктар кандай жүрүп жатат?

- Даярдык толугу менен аяктады деп айта алам. Азыр кечкисин жарым саат машыгып жатам. Эң оор жумуш артта калды, биз машыктыруучуларым жана командам менен тоулк кандуу иштедик. Мен үчүн беттеш ырахат алууга тете болот деп ойлойм, бирок азыр беттеш тууралуу ойлонбостон, уйкумду кандырып, жайбаракат болууга аракет кылып жатам. Акыры мушташкым дагы келип жатат.

- Кыргызстанда сенин көптөгөн күйөмандарың бар. Аларга салам жолдойсуңбу?

- Албетте! Кыргызстан, баарыңыздарга ассалом алейкум, баарыңыздарга колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мен колдооңуздарды соцтармактардан сезип жана көрүп жатам. Бул абдан жагымдуу жана мага жаңы кубат берип, алдыга кадам шилтөө үчүн түрткү берип турат. Артка жол жок, анткени, менин артымда мени колдогон кишилер турат.

- Рафаэль, интервью бергениң үчүн сага ыракмат. Биз сенин атың менен байланыштуу UFC`нин алдыңкы негизги окуяларына күбө болорубузга ишенебиз. Сен үчүн да муштумдарыбызды түйүп, O!TV тиркемесиндеги UFC ТВ каналын көрөбүз.

Screenshot_4.png

 


Тизмеге кайтуу