«Аламедин Гранд» соода борборундагы жаңы O!Store дүкөнүнө кош келиңиздер

20.04.2018

Кадам сайын кыргызстандыктарга жогорку класстагы сапаттуу тейлөөнү көрсөткөн O!Store фирмалык дүкөндөрүнүн саны өсүп жатат. Хай-тек стилиндеги кезектеги дүкөн Аламүдүн районунун тургундарын кубантты. Анткени эми аларга заманбап түзүлүштөрдү жана мобилдик аксессуарларды сатып алуу үчүн шаардын борборуна барыштын кереги жок. Баары кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн! Жагымдуу салтыбызга ылайык, О! Мобилдик оператору шаардыктарды мыкты жаңылыктар жана укмуштуудай белектер менен кубантууну улантып келет!

Жакын арада, 22-апрелде, күндүзгү саат 13.00дө «Аламедин Гранд» соода борборунда бишкектиктерге жана баш калаанын конокторуна O!Phone 4G PRO сонун фирмалык смартфондун ээси болуу шансы бериле турган жаңы заманбап дүкөндүн салтанаттуу ачылышы болот. Бул смартфондун кадимки баасы 6490 сом, бирок 22-апрелде гана бул сулуу буюм эң ийгиликтүү бирөөнө БЕКЕР тийет!

O!Phone 4G PRO – бул стилдүү смартфон эң жаңы Android 7.0 Nougat операциондук тутум менен иштейт, төрт ядролуу процессору бар, 1 ГБ оперативдик эстутумга ээ жана 4G түйүнүндө иштөөнү кармайт. 5 дюйм диагоналы менен жаркын түстүү эскраны интернет сёрфингинен, социалдык тармактардагы баарлашуудан жана YouTube каналынан видео көрүүдөн жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Аппарат эки SIM-карта менен иштейт, бир жагына тузүлүштүн өз эстутумун 128 ГБ чейин кеңейтип алуу үчүн MicroSD форматындагы эстутум картасын орнотсо болот. Смартфондун 2400 мАч сыйымдуулуктагы жакшы аккумулятору түзүлүштүн тынымсыз иштөөсүн камсыздайт жана тез-тез заряддоону талап кылбайт. Ал эми фотокамералар сүрөттөрдүн сапаты менен кубандырмакчы – негизги камера - 8 Мп жана селфи-камера дагы вспышкасы менен 8 Мп, күңүрт жерде дагы мыкты сүрөттөрдү тартууга болот!

Жибек Жолу, 150а/Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы O!Store дүкөнүнө келиңиздер. Түрдүү өндүрүшчүлөрдүн смартфондорунун кеңири ассортименти сатылууда: Huawei, LG, Xiaomi, Samsung, Meizu, Ergo, Philips, Bravis, Micromax; планшеттер, 4G Wi-Fi Wingle и 4G-модемдер, аксессуарлар: телефонд каптары, коргогуч айнектер, плёнкалар, шакек-кармагычтар, кабелдер, переходниктер, адаптерлер, зымсыз акустикалык колонкалар, Bluetooth кулаккаптар, тышкы аккумуляторлор, моноподдор жана көптөгөн башка нерселер.

Эске салсак, жаңы O!Store дүкөнүнөн каалаган смартфонду байланыш кызматтарына 50%га чейинки арзандатуулар менен насыяга сатып алса болот. О! Мобилдик операторунун фирмалык дүкөндөрүнүн бардык тармактарында акциялар жана арзандатуулар жүрүп турат, бүт смартфондорго өндүрүшчү-фирманын расмий кепилдиги берилет, ал эми ар бир кардарды адистердин кесипкөй кеңештери күтөт.

«Аламедин Гранд» сооба борборундагы жаңы O!Store дүкөнүнө кош келиңиздер, кардарлар үчүн дүкөндүн эшиктери тыныгуусуз жана дем алышсыз, күн сайын саат 09:00дөн 20:00гө чейин ачык.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.


Тизмеге кайтуу