Ѳлкѳнүн бардык бүтүрүүчүлѳрү үчүн! ЖРТга «Мой О!» тиркемесинен даярдангыла

06.05.2021

Бүтүрүүчүлѳр жѳнүндѳ кам кѳрүп, О! Мобилдик оператору жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ «Мой О!» тиркемесинен даярдануу мүмкүндүгүн ишке ашырды.

Абитуриенттер үйдѳн чыкпай туруп эле акысыз сынамык онлайн-тестирлѳѳдѳн ѳтѳ алышат. Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган тесттер билим деӊгээлин аныктоого, жыйынтыктарды жакшыртууга жана сынактарга ѳз алдынча даярданууга жардам берет.

Кантип аткарууга болот?

  • «Мой О!» тиркемесин орноткула;

  • «Мектеп» бѳлүмүн ачкыла;

  • Окуу тилин тандагыла;

  • «ЖРТга даярдыкты» тапкыла.

Быйыл тестирлѳѳ 17-майдан 23-майга чейин жүрѳ турганын эсиӊерге сала кетмекчибиз.

Даярдыкты азыртан баштап, ѳлкѳнүн алдыӊкы ЖОЖдоруна ѳтүү мүмкүнчүлүгүӊѳрдү кѳбѳйткүлѳ!

О! Мобилдик оператору – бирге окуйбуз!


Тизмеге кайтуу