Үйдө гана арзан. Казакстандын каалаган түйүнүндө роумингдеги бир мегабайт үчүн болгону 1 сом!

20.12.2019

2019-жылдын 18-декабрынан баштап О! Мобилдик операторунун абоненттерине Казакстандын бардык Tele2, Beeline KZ жана Kcell түйүндөрүндө роуминг үчүн «1МБ – 1 сом» суперпайдалуу тарифи жеткиликтүү болуп калды.

«Биз кыргызстандыктарга Жаңы жылдын алдында мурункудан да ыңгайлуу кызматты тартуулоого болгон аракетибизди жасадык, – Роуминг жана интерконнект кызматынын жетекчиси Роман Литвинов бул окуяга өз оюн билдирди. – Эми Казакстанга киргенде белгилүү бир тарифи төмөн операторду издөөнүн кажети жок жана бул оператордун камтуусу начар райондорунда байланышсыз калуу коркунучу да жоголду. О! абоненти болуп туруп сиз Казакстандын каалаган түйүнүндө бир мегабайт үчүн бирдиктүү жеткиликтүү баада жогорку ылдамдыктагы роумингдеги интернет менен колдоно аласыз».

О! Мобилдик операторунун роуминги менен сиз балансыңызды текшерүү муктаждыгын унутуп каласыз.

«1МБ – 1 сом» тарифи менен интернет-роумингди активдештирүүчү акысыз буйрутманы дароо азыр терсе болот: *997#чакыруу.

Интернет-топтомдорду 10% арзандатуу менен кошуп алуу аркылуу роумингдеги интернетке ээ болсо болот:

  • «Интернет-роуминг 50 МБ». Кошуу буйрутмасы: *997*50# (45 сом);

  • «Интернет-роуминг 100 МБ». Кошуу буйрутмасы: *997*100# (90 сом);

  • «Интернет-роуминг 250 МБ». Кошуу буйрутмасы *997*250# (225 сом).

«Мой О!» тиркемесинен дагы роумингди аквтидештирүү жана интернет-топтомдорду сатып алуу мүмкүн.

Роуминг кызматтары үчүн тарифтер менен компаниянын www.o.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн таанышса болот.

О! Мобилдик операторунун роуминги менен чек араларды өчүрүңүз.


Тизмеге кайтуу