3G, 4G, 5G жана радиофобия жөнүндө уламыштар менен күрөшөбүз

10.12.2021

Жашообуздун баары телефондо – соцтармактар, мессенжерлер, фото, видео, банктык карталар, коммуналдык жана миңдеген башка кызматтарды төлөө.

Өзүңүздү текшериңиз. Сиз телефон менен канча убакыт коротосуз? «Окей, Google» деңиз да, суроо бериңиз:

  • «Мен шаршемби күнү телефон менен канча убакыт колдондум?»

  • «Мен бүгүн [тиркемеде] канча убакыт өткөрдүм»

Орто статистикалык абонент телефон менен күнүгө орто эсеп менен 3 сааттан колдонот. Өмүр бою смартфон менен 75,5 миң саат колдонсо, ал дээрлик 9 жыл дегенди билдирет. 

Ошого карабастан, Кыргызстандагы гана эмес, дүйнө жүзүндөгү уюлдук операторлор уюлдук мунараларга жана айлана-чөйрөдөгү бардык нерсе коркунучтуу толкундарды жана радиацияны пайда кылат деген негизсиз ойлордоун турган радиофобияга байланыштуу даттанууларга дуушар болуп келишүүдө.
Мындай коркуулардын себептери эмнеде жана бизге чалуу жана интернетти колдонууга мүмкүнчүлүк берген базалык станциялар кантип иштейт? Талдап көрөлү.

Мисалы, сиз чалууга аракет кылып жатасыз. Бул мындай иштейт:

схема 2_кг.png

Эгер байланыш станциялардын нурлануусун айта турган болсок, ал майда толкундуу меш, компьютерлер, телевизор, жогорку вольттук линиялар сыяктуу эле электромагниттик нурлануу болуп саналат. Стандарттуу пайдаланууда бул технологиялык коопсуз. Бирок, уюлдук байланыштын антеннасынын (анын жанына баруу үчүн курчоодон дагы секирип өтүү керек) жанынан 1 метр обочо жерде пикник жасоо, телевизордун экранына жабышып көрүү, эшиги жок майда толкундуу мешти колдонуу туура эмес экендиги баарына түшүнүктүү.

Уюлдук байланыштын радиотолкундарына караганда, күндүн нурларынын интенсивдүүлүгү жана нурлануунун жогорку жыштыгына байланыштуу ачык күндүн астында калуу зыяндуураак экендигин баарына түшүнүктүү. Кишилер күнгө тотугам деп күйүп калышат, бирок ал нерсе эч кимди дүрбөлөңгө түшүрбөйт, мунун баары ченем катары кабыл алынат. Майда толкундуу меш тамакты ысытып жатканда чатырдагы базалык станциядан он эсе көбүрөөк нурланууну чыгарат, бирок кишини тосмо коргоп турат.

Ошентип, станциялардын электромагниттик нурлануусунун таасиринен чатырлар, дубалдар сактайт. Уюлдук байланыш антенналары белгилүү бир гана багытка түз чагылдырат жана бардык колдонуучулары коопсуз тармактар боло тургандай болуп орнотулат.

схема 1_кг.png

Базалык станциялар ден-соолукка таасирин тийгизеби…

Радионурлануу онкологиялык дарттарга, тукумсуздукка алып келеби?

Жок! 9-класс үчүн физика боюнча окуу программасынын материалдарынан эле биз радиотолкундар – төмөнкү жыштыктагы толкундар экендигин жана клеткадагы ДНК түзүлүшүнө таасир тийгизбей тургандыгын билебиз. Алар мутация жаратуучу факторлор болуп эсептелбейт. Радиотолкундардын адамга тийгизген таасири темасында көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн, бирок алардын бирөө дагы разионурлануу менен рак дартынын өрчүү тобокелчилигинин ортосундагы байланышты аныктаган эмес. Радиотолкундардын репродуктивдүү функцияга жана потенцияга таасирин изилдеген көп сандаган изилдөөлөр дагы алардын ортосундагы байланышты аныктаган жок.

Баш аламандык сөздөрдүн окшоштугунан келип чыгууда: радиация жана радиотолкундар. Бирок булар эки башка түшүнүктөр. Радиация – бул организмдин ткандары аркылуу өткөн жана алар менен өз ара аркакеттешкен заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымы, иондоштурулган нурлануу.

Базалык станцияны турак үйлөргө жакын койсо коркунучтуу эмеспи?

Жок, дагы бир жолу жок. Эмне үчүн дегенде. Эгер антенна үйдүн чатырында турса, сизди андан үйдүн чатыры менен дубалдар бөлуп турат, бул радиосигналдын кубаттуулугун он эсе азайтат.

Имараттагы базалык станция өз нурлануусу менен имараттын ичиндегилерге дагы, имараттын жанындагыларга да тийип өтпөйт.

Дал ошондуктан мыйзам базалык станцияларды мектептердин жана башка имараттардын чатырларына, ошондой эле бийик түркүктөргө орнотууга тыюу салбайт.

Базалык станцияларды орнотуу үчүн операторлор жерди кантип тандашат?

Операторлор камтууну кеңейтүү жана жакшыртуу үчүн дагы, ошондой эле тургундардын начар байланышка карата кайрылууларынын аркасы менен конкреттүү жерди тандашат. Максат – сапаттуу сервис көрсөтүү: стабильную голосовую связь и быстрый интернет.

Базалык станциялардын орнотула турган жер татаал техникалык эсептер жана радио өлчөөлөрдүн натыйжасында тандалат. Башка максат – конкреттүү райондо байланыштын сапатын камсыздоо.

Эреже катары, базалык станциялардын жабдуусу антенналык-мачталык курулмаларда, техникалык кабаттарда жана имараттардын чатырларында жайгашат.

Базалык станциянын жабдуусун курууга жана орнотууга уруксат алуу үчүн уюлдук байланыш операторлору уруксат берүүчү документтердин ири топтомун даярдашат жана макулдашуунун бир нече этабынан өтүшөт.

  1. Алгач техникалык адистер базалык станцияларды долбоорлоо жана куруу үчүн технкиалык тапшырманы даярдашат, электрмагниттик нурлануунун деңгээлдеринин алдын-ала эсептерин чыгарышат.

  2. Андан кийин долбоор даярдалат, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу департаменти жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменттери дагы кирген тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтөт.

  3. Бардык тиешелүү мамлекеттик органдардан оң макулдашууну алгандан жана долбоор экспертизадан өткөндөн кийин гана курулуштун өзү башталат.

  4. Курулуш аяктагандан кийин, сертификатталган лаборатория базалык станция жайгашкан райондогу электромагниттик нурлануунун өлчөмүн алат. Электромагниттик нурланууну өлчөөнүн тиешелүү протоколу таризделет. Мүмкүн болгон гана деңгээлдер базалык станцияны эксплуатацияга берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

     Баса, Кыргызстанда киши жүргөн жерде мүмкүн болгон электромагниттик нурлануунун мүмкүн болгон деңгээлинин эң катаал ченемдери жүрөт – 10 мкВт/см2. 

     Салыштыруу үчүн: АКШда жана Скандинавия өлкөлөрүндө мүмкүн болгон деңгээл – он, жүз эсе жогору 700 - 1000 мкВт/см2

Анда эмне үчүн базалык станциялар ден-соолукка зыян деп айтып жатышат?

Бардык коркуулар билбестиктен келип чыгат. Кыргызстанда уюлдук байланыш салыштырмалуу жакында эле пайда болду, болгону 25 жыл мурун – ал эми жаңы нерсе ар дайым суроолорду жана ишенбөөчүлүктү жаратат. Бул боло турган нерсе – ар кайсы мезгилдерде кишилер автоунааларга, поезддерге, ал гана эмес көчөнүн кечки жарыктарына дагы каршы чыгышкан. Убакыт өткөн соң, жаңы технологиялардын жашоону жеңилдетип, аны мурункудан дагы коопсузураак кылып жаткандыгы түшүнүктүү боло баштайт.

5G тууралуу эмне десек болот?

Байланыштын 5G стандарты эч кандай радитолкундарды колдонбойт. Чындыгында, bluetooth, wi-fi, ошондой эле 3G жана 4G түйүндөрү дагы ошол эле жыштыктардын диапозонун пайдаланат. Байланыштын жаңы стандартынын айырмасы, абоненттик түзүлүштөрдүн төмөнкү энергия керектөөсүнө кепилдик берүү, эң жогорку ылдамдыктагы туруктуу интернетти камсыздоо үчүн – бири-бирине салыштырмалуу жакын жайгашкан көп сандаган аз кубаттуу передатчиктер колдонулат (wi-fi түйүндөрү деле болжол менен ошондой түзүлүштө).

Уюлдук байланыштын мунарасы сизге канчалык жакын болсо, чалуу жүргүзгөндө телефондон ошончолук нурлануу аз болот, мобилдик интернеттин сигналы жана ылдамдыгы дагы мыкты болот, демек, бул сиздин ар дайым байланышта болуп, маанилүү чалуу жүргүзө ала тургандыгыңызды билдирет.


Тизмеге кайтуу