Көбүрөөк 4G-Интернет: Сиздер сурандыңыздар – биз аткардык!

21.11.2017

Кыргызстандын технологиялык лидери, О! Мобилдик оператору Жалал-Абад, Ош, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында 4-G интернет каптоо аймагын кеңейтти. Компаниядан билдиришкендей, бардык техникалык иштер өлкөнүн бүт облустарындагы кыргызстандыктардын кайрылууларынын негизинде аткарылган. Биз О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко менен байланыштык. Ал жалпысынан абоненттердин сурамдары менен кандай иш жүргүзүлө тургандыгы, компаниянын техникалык бөлүмдөрүнүн иши кандай курулгандыгы тууралуу баяндап берди.

О! Мобилдик оператору бул айдагы иштердин кайсы жерде жүргүзүлө тургандыгын кантип чечет?

– Биздин өз абоненттерибиз менен ар түрдүү каналдар: социалдык тармактар, Контакт-борбор, мессенжерлер, компанияга келип түшкөн расмий каттар аркылуу кайтарым байланышыбыз бар. Кээ бири мактайт, ийгиликтерди каалайт, кээ бири  байланыш боюнча конкреттүү көйгөйдүн чечилишин жана кошумча базалык станциянын курулушун суранат. Биз болсо өз кезегибизде конструктивди белгилегенге аракет жасап, өсүү аймагын аныктайбыз. Суранычтарды жана каалоолорду дыкаттык  менен каттайбыз, муну менен катар эле келечекке багытталган  активдүүлүктөрүбүздү аныктайбыз. Бул багыттагы үзгүлтүксүз ишибиз өз жемиштерин берип жатат, абоненттерибиз билдирген дин ыраазычылыктар биздин бардык командабызды шыктандырып келет.

Эгер абонент компанияга байланышты оңдоп берүү боюнча кайрылса, иш кандай жүрөт?

– Кайрылуу сөзсүз түрдө маалымат базасына катталат. Майда-чүйдөлөрү өтө көп, бирок кыскача айта турган болсом, алгач абоненттин профили, анын аппаратынын модели жана түзүлүштүн ырастоосунда баары туура экендиги  текшерилет. Учурдан пайдаланып, байланышка чыгып, текшерүү үчүн керектүү маалыматтарды берген абоненттерге ыраазычылык билдирем. Көп учурда, телефонду өчүрүп кайра күйгүзүү жетиштүү болот, бул канчалык жөнөкөй ыкма болсо дагы – бул көп учурда жардамын берет, анткени смартфон операциялар менен иштеген бардык тузүлүштөрдөй эле каталарды чогулта берет, натыйжада “тоңуп калуулар”, “токтоп калуулар” пайда болот. Эгер маселе татаалыраак болсо, кайрылуунун себептери комплекстүү түрдө аныкталат, кээ бир учурларда көйгөй жаралган дарекке  биздин техникалык команданын барууларын да пландаштырабыз. Адистерибиз барышат, байланыш сапатын жакшыртуу үчүн  диагностика жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт. Кээ бир учурларда кошумча жабдуу да тургузулуп калат.

Өз сөздөрүн тастыктоо үчүн Антон Коваленко мурунку айга карата келген кайрылуулардын негизинде аткарылган иштердин натыйжасы менен бөлүштү. Быйылкы күздө төмөндөгү айылдардын тургундары жогорку 4G-ылдамдыгын сезүү, көлөмдүү файлдарды жүктөө, HD сапатындагы видео көрүү, видеочалууларды жүргүзүү ж.б. ушул сыяктуу мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат. О! Мобилдик операторунун техникалык адистеринин аракети менен ал жерлерде кошумча LTE базалык станциялары ишке киргизилди:

  • Жалал-Абад  шаары, Жалал-Абадской облусунун Благовещенка жана Арал айылдары;

  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаары;

  • Ош облусунун Бий-Мырза, Савай (Тельман атындагы)айылдарын, Кара-Суу жана Өзгөн шаарлары;

  • Талас облусунун  Талас шаары;

  • Аламүдүн районунун Восток айылы;

  • Бишкек шаарынын «Алтын-Ордо» жаңы конушу.

4G –ылдамдыктар менен пайдалануу үчүн эмне керек?

  1. Сиздин смартфон же түзүлүш 4G технологиясын кармоосу зарыл. Эгер сиз мындай смартфон ала элек болсоңуз, анда азыр 50 O!Store дүкөндөрүнүн бирине баруунун убактысы келди. Ал жерде алдыңкы дүйнөлүк Apple, Samsung, Huawei, Xiaomi, LG жана башка дүйнөлүк өндүрүшчүлөрдүн акыркы моделдерин таба аласыз, андан дагы аларды насыяга сатып алсаңыз болот. Мындан тышкары, азыр O!Phone 4G смартфонуна суперакция жүрүп жатат, аны сатып алган учурда бир жыл бою акысыз чалуулар менен Интернетке ээ болосуз!

  2. Фирмалык 4G-т үзүлүштөр: 4G Wi-Fi Wingle, роутерлер. Аларды бардык O!Store дүкөндөрүнөн же өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда жайгашкан О! кеңселеринен символикалуу баага сатып алса болот, ошондой эле www.ostore.kg сайты  жана 0705 007 000 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) телефону аркылуу тапшырык кылса болот.

  3. Пайдалануучуларыбыздын заманбап адаттарын эске алуу менен атайын иштелип чыккан, бардык бюджетке ылайык пайдалуу тарифтер - «О!го которул + TV» тарифтеринин сериясы. Алар бардык керектүү нрерселерди камтыйт: Интернет, акысыз чалуулар жана О!TV кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

4G – бул О!.

 


Тизмеге кайтуу