Телефонсуз калган окуучу “ооруп” калат. Кыргызстандын чындыгы

11.10.2019

Смартфондордун өспүрүмдөргө талкалоочу таасири темасындагы көптөгөн изилдөөлөрдү окуп бүтөрүң менен эле үйдөгү бардык планшеттер менен смарфтондордон тезирээк арылгың келип кетет.

Дүйнөлүк тенденция күтүүсүз маалыматтарды кабарлайт (америкалык The Athlantic журналынын макаласынан):

  • Азыркы окуучулардын жандуу сүйлөшүүлөрү 40%га азайган жана 2009-жылдын окуучуларына караганда көчөгө аз чыгышат.

  • Соцтармактарда 6 сааттан 9 саатка чейин отургандардын 47% ы бактысыз экендиктерин айтышат;

  • Күнүгө 3 саат жана андан ашык убактысын электрондук гаджеттер менен өткөргөн өспүрүмдөрдүн 35%ы оз өмүрүн кыюуга бара тургандыгынын ыктымалдуулуг бар. Депрессиянын жогорку чеги;

  • 22%дан кем студенттер иштеп дагы окуп дагы жүрүшөт. Бүгүнкү күндө 18 жаштагылар өздөрүн 15 жашындагы балдардай алып жүрүшөт жана өз чечимдерине жоопкерчиликсиз мамиле кылышат.

iМуундун портрети өкүндүрөт – булар коомдун тышында калган жалгыз инсандар.

«Менин керебетимде менин көлөмүмдөгүдөй бармак изи бардай сезиле берет», - дейт жайдын көпчүлүк бөлүгүн достору менен Снапчатта өткөргөн америкалык окуучу кыз Афина оворит американская школьница Афина.

«Мен соцтармактарды уктардын алдында да, анан эртең менен турарым менен текшерем. Эгерде түн ортосунда ойгонуп кетсем, мен кандайдыр-бир убакытка смартфонго “байланып” каларым турган иш», - дейт дагы бир окуучу.

«Менин телефонум кол алдымда болгондо гана уйкум тынч болот», - деп үчүнчүсу ой бөлүшөт.

Чындыгында эле балким жайлуу болушу мүмкүн, бирок смартфонду колдонуу уйку сааттарын азайтат. Уйку боюнча адистердин айтымында, өспүрүмдөрдүн уйкусу каныш үчүн 9 саат уктоолору абзел. Көпчүлүгү суткасына 7 сааттан кем укташат да, уйкусу канбагандыктан кыйналышат. Смартфондор жакшы уйкуга гана терс таасирин тийгизбестен, турмуштун башка аспектилерин да терс таасирлентип, кишинин көрүүсүн начарлатат. 

Психологдордун жардамы менен гаджеттер канчалык деңгээлде коркунучтуу экендигин аныктоого аракет кылдык.

Эксперттердин баары бир нерсеге таянышты: балдардын талкаланган психологиясы үчүн жоопкерчилик смартфондордо эмес, смартфондор менен планшеттердин үйдө башкы позицияга ээ болгондугун өз мисалдарында көрсөтүп жаткан ата-энелерде жатат.

Кыргызстан чындыктары

Кыргызстандагы чыныгы абал Россия менен Америкадагы абалдан айырмаланып турат. Эгерде жаңы технологиялардын Кыргызстанга 4-5 жылдан кийин келип жаткандыгын эске ала турган болсок (мисалы 4G LTE технологиясы дүйнө жүзүндө 2009-жылы биринчи жолу ишке киргизилсе, О! Мобилдик оператору Кыргызстанда 2014-жылы киргизген), анда биздин дагы артыкчылыгыбыз бар экендигине ишенсек болот. Заманбап чындыктарга сабаттуу түрдө ыкташып кетүүгө дале убакыт бар.

Мектептерде эмне болуп жатат?

Кыргызстандык мектептерде азырынча гаджеттерге толугу менен тыюу салына элек. Көбүнесе класста отурганда телефондорду алып чыгууга тыюу салышат, бирок окуучулар аларды дептерлеринин астына, пеналдарынын ичине катып — дайыма соцтармактарда “байланып” отурушат. Баса, Францияда баштапкы жана орто мектептерде телефонду колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алышты. Бул мыйзам окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да тиешелүү. Бирок бул демилгени бардык эле француздар колдошкон жок.

Ал эми үйдө кандай?

Ата-энелер балага телефонду ар түрдүү себептер менен— көпчүлүк учурда ал жолтоо болбосун үчүн алаксытуу максатында беришет. Ата-энелер баласынын уйкусунун, ойгоо мезгилинин, тамактануу жана оюн убактыларынын режимин сактаганга аракет кылышканы менен, гаджеттерди колдонуу убактысын белгилөө чоң көйгөй. Бала тамак жей турган болсо –мультиктерди көрүп тамактанат, апасы иш менен алагды боло турган болсо – ага кайрадан планшетти беришет. Ошентип гаджет менен өткөргөн убакыттын бир кыйла көлөмү топтолуп калат.

Тыюу салуу – чечим эмес

Ошентсе дагы, адистердин ою боюнча, смартфономания коркунучу бир кыйла апыртылып берилүүдө. Болгону дүрбөлөңгө түшпөй, бала менен көбүрөөк баарлашуу керек. Өсүп келе жаткан муундун ичинен эч кимиси Буткүл дүйнөлүк желенин тармагынан качып кутула албайт, ошондуктан ага Интернет менен соцтармактарды колдонууга тыюу салуунун бир маңызы жок, демек, муну менен өз ара аракеттешүүнү үйрөнүү керек.

Баланы сабырдуулукка үйрөтүңүз

  • Күтүү, эригүү – бул кадимкидей эле сезим, бул чыгармачылыкка болгон биринчи кадам.

  • Бара-бара «мен каалайм» жана «мен алам» сезимдеринин ортосунда күтүү убактысын көбөйтүңүз.

  • Тамактанып жатканда же жолдо жүргөндө смартфонду колдонбогонго аракет жасаңыз, балдарыңызды алар менен сүйлөшүү жана ойноо аркылуу күтүүгө үйрөтүңүз.

  • Смартфондорго жана планшеттерди колдонууларына чектөө коюңуз, балдар менен эмоционалдык жактан жакын болууга аракеттениңиз.

Эң керектүү нерсе!

Жаңы технологиялардын жардамы менен жумшак тажатпаган көзөмөл. Мисалы, О! Safe Kids тиркемеси. О! Safe Kids тиркемеси контенттерди гана чыпклап тазалабастан, төмөндөгүлөргө жардам берет:

  • уруксат берилген лимитти жана мобилдик түзүлүштөрдү (смартфонду, планшетти) колдонуу расписаниесин орнотуу. Ошентип, сиз саат 21:00дөн кийин балаңыздын жууркандын ичине кирип алып смартфон менен отурбаганын так билесиз;

  • социалдык тармактарда анын активдүүлүгүн көрүү (кайсы топко кирди, Facebook же VKontakte баракчаларында кимдерди дос катары кошуп алды);

  • смартфондогу батарейканын зарядынын деңгээлин көрүү;

  • балаңызды жөнү жок чалуулар менен алаксытпоо жана анын каякта экендигинен кабардар болуу;

  • бардык шектүү абалдардан кабардар болуу, мисалы, эгер балаңыз сиз орноткон “коопсуз периметрди” таштап кете турган болсо. Мисалга 08:00дөн 12:00гө чейин балаңыз мектепте болсо, ал эми 13:00дөн 15:00гө чейин кошумча сабактар же спорттук секцияларга катышып, андан ары үйгө барат. Балаңыздын кадимки маршруту өзгөрө турган болсо, смартфонуңузга дароо билдирүү келет.

Баса, О! Safe Kids тиркемеси «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринин топтомунда АКЫСЫЗ киргизилген. Тиркемени AppStore же Google Play маркеттеринен акысыз жүктөп алса болот, ал эми жөнөкөй жана интуицияга негизделген түшүнүктүү нускаманын жардамы менен колдонуу да жеңил.

Кызыгып калдыңызбы?

O! Safe Kids тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу шилтемеден кененирээк тааныша аласыз: o.safekids.kg.


Тизмеге кайтуу