7 миң аз камсыз үй-бүлө О! Мобилдик операторунан гуманитардык жардам алат

24.04.2020

О! Мобилдик оператору абдан муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк топтому түрүндө даректүү жардам уюштурду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан берилген тизмелерге ылайык, гуманитардык топтомдор бүт өлкө боюнча 7 миң аз камсыз үй-бүлөгө, улгайган адамдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерге берилет.

1.jpg2.jpg3.jpg

«Мындай азык-түлүк топтомдорун биз аймактарга жөнөттүк. Тизмеге киргизилген ар бир үй-бүлө жакынкы аптада бул жардамды ала алат. Бардык топтомдор Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан берилген тизмелер боюнча так берилет. Жардамды таратууга бүт өлкө боюнча компаниянын 74 кызматкери, ошондой эле Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин Элдик Штабынын ыктыярчылары тартылган, ар бири атайын мобилдик тиркемеде жардамды өткөрүп бергендигин белгилеп турат, бул даректүүлүктүн кепилдии болуп саналат», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун операциондук ишмердүүлүк боюнча директору Алла Опариенко.

8.jpg7.jpg9.jpg

10.jpg11.jpg21.jpg

30 килограммдан турган ар бир топтом биринчи керектелүүчү азык-түлүк өнүмдөрүнөн турат – ун, май, күрүч, макарондор, эт консервалары, чай, шекер, конфеттер, халва. Бериле турган гуманитардык жардамдык жалпы салмагы 200 тоннадан ашык: жалпы 112 тонна ун, 11,2 тонна макарондор, 28 миң литр өсүмдүк майы, 19,6 тонна күрүч, 14 тонна шекер, 14 миң куту чай, 28 миң эт консервалары, 9,1 тонна халва, 3,5 тонна конфеттер. Гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 16,4 миллион сомду түзөт. Азык-түлүк топтомдорун колдон-колго тапшыруу 22-апрелде башталды.

19.jpg26.jpg22.jpg

О! Мобилдик операторунун линиясы боюнча гуманитардык топтомдорду Бишкек шаары боюнча аз камсыз болгон 1200, Чүй облусунда 1200, Ош шаарында 700, Ош облусунда 800, Жалал-Абад облусунда 1000 үй-бүлө, Баткенде 800, Ысык-Көл облусунда 500, Нарын облусунда 500 жана Талас облусунда 300 түтүн алат.

12.jpg9G8A9958.jpg18.jpg24.jpg

23.jpg13.jpg16.jpg15.jpg

О! Мобилдик операторунун командасы көрсөткөн көмөктөрү жана ыкчам берилген маалыматтары үчүн КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана аймактагы Өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле Чүй облусу боюнча азык-түлүктөрдү жеткирүүгө жардам беришкен Элдик жардам штабынын ыктыярчыларына ыраазычылыгын билдирет.

Мурда О! Мобилдик оператору өз саламаттыгы менен тобокелчиликке барып, эпидемия менен күрөшүп жаткан бардык дарыгерлерди, санитарларды, штабдардын, ӨКМ, ИИМ кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыздаган. Дистанциондук окутууну колдоо максатында мугалимдерге, окуучуларга акысыз тарифтер, студенттер үчүн жеңилдетилген тариф берилген, дүйнөлүк 13 билим берүүчү ресурстарына интернет-трафик нөлгө түшүрүлгөн. Бардык абоненттерге нөлдүк баланста чукул чалууларды жүргүзүү үчүн акысыз мүнөттөр жеткиликтүү, маалымат сайттарына жана ыкчам линиялардын телефондоруна акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү уюштурулган. Мындан тышкары, компания муктаж жарандарга каражат топтоо үчүн атайын эсепке 1 миллион сом которду, ал эми О! компаниясынын Контакт-борборунун операторлору 1227 линиясы аркылуу күн сайын он миңдеген жардам чалууларын. Компания өтүнмөлөрдү ыкчам иштетүү жана башка көптөгөн нерселер үчүн өз алдынча диагностика боюнча 118 ыкчам линиясын смартфондор менен камсыздады.

Бир өлкөбүз – катарлаш бололу. О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.


Тизмеге кайтуу