«О!Деньги» банктык картасынын 5 артыкчылыгы

29.05.2019

«О!Деньги» электрондук капчыгынын колдонуучулары үчүн капчыктагы каражаттарды накталай акчага оңой айландырууга жана «Элкарт» улуттук төлөм тутумунунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзгөн атайын ыңгайлуу банктык карта чыгарылган.

 «О!Деньги» картасынын 5 артыкчылыгы:

  • АКЫСЫЗ чыгаруу;

  • «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги»* капчыгы аркылуу картаны тез толтуруу;

  • Өлкөнүн бардык банкоматтарынан накталай акчаларды АКЫСЫЗ алуу;

  • Биринчи жылы АКЫСЫЗ тейлөө жана кийинки жылга тейлөө болгону 150 сом;

  • 3000 сомдон** кем эмес бир айлык орточо калдыкка жылдык 5% чегерилет.

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары картаны О! Мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен паспортун көрсөтүү менен ала алышат.

«О!Деньги» карталары «ДОС-Кредобанк» менен биргеликте чыгарылат. КРУБ лицензиясы №037.

*Картаны капчыктан толуктоо үчүн комиссия 1 %

**Калдык пайыздары "ДОС-Кредобанк" ААК тарабынан эсептелинет.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.

КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу