Жаңы «Пайдалуу чексиз 4G» тарифи менен болгону 1 сомго 4G Wi-Fi ВИНГЛ

22.01.2019

Шарттары мурункудан да пайдалуу!

Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет дүйнөсүнүн өткөгүчүн – О! Мобилдик операторунун 4G Wi-Fi ВИНГЛ түзүлүшүн – эми жаңы «Пайдалуу чексиз 4G» тарифи менен болгону 1 сомго сатып алса болот!

Интернет менен каалагандай пайдаланыңыз: маалымат издеңиз, музыка угуңуз, фильмдерди көрүңүз, баарлашыңыз — трафик түгөнбөйт! 

2 айга «Пайдалуу чексиз 4G» тарифин кошуп алуу менен Акция боюнча 1 сомго 4G Wi-Fi ВИНГЛ түзүлүшүн алса болот. Мында сиз түзүлүштүн өзүн сатып алуудан үнөмдөйсүз.

Вингл 10го чейинки мобилдик түзүлүштөргө Wi-Fi таратат, аны зарядкалоонун кереги жок, анткени ал бардык USB-порту бар түзүлүштөрдө – планшетте, ноутбукта, телевизордо, автоунаанын тамеки тутандыргычында, тышкы аккумулятордо жана башкаларда иштей берет. Кайда жүрбөңүз – үйдөбү, машинадабы, жумуштабы, бардык жерде интернет жаныңызда болот!

Акциянын башкы артыкчылыктары:

  • Атайын тарифтин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күнгө абоненттик төлөмдүн баасы болгону 790 сомду түзөт;

  • «Пайдалуу чексиз 4G» тарифин 360 күнгө 9 480 сомдун ордуна 4900 сомго кошуп алуу менен көбүрөөк үнөмдөп алса болот.

Эгерде ostore.kg сайты жана 0705 007 000 телефону аркылуу тапшырык кылсаңыз, анда 4G Wi-Fi ВИНГЛди алып келип беришет!

О! Мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө Кеңселеринен жана O!Store дүкөндөрүнөн сураңыздар. Пайдалуу, ыңгайлуу. Шашылыңыз, 4G Wi-Fi ВИНГЛДЕРДИН саны чектелүү.

Баалары бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.


Тизмеге кайтуу