Үчѳѳ бир жерде. Мобилдик байланыштан, үй интернетинен жана ТВден кантип үнѳмдѳсѳ болот

25.06.2021

О! Мобилдик оператору менен Saima’дан «Бирге арзан 2.0» сунушу кыргызстандыктардын үй-бүлѳлүк бюджетин үнѳмдѳѳнү улантат. Үчѳѳ бир жерде принциби боюнча тариф киргизилгенден бери 3 жыл ѳттү. Андан бери мурункудан да мыкты, мурункудан да пайдалуу болуп калды. Эмне ѳзгѳрүүлѳр болду?

Эми «Бирге арзан 2.0» – бул бир эле топтомдо бүт үй-бүлѳ үчүн мобилдик байланыш, зымдуу үй интернети + O!TV санарип телевидениеси.

  1. Зымдуу үй интернети БЕЛЕККЕ! Эми тарифке Saima Telecom’дон жогорку ылдамдыктагы зымдуу үй интернети кошулду.

  2. O!TV акысыз интерактивдүү телевидениеси. Мындан ары балдар, спорт, жаӊылык жана башка кѳптѳгѳн багыттарда ар кандай табитке туура келген 200дѳн ашуун O!TV телеканалын кѳрүү мүмкүн. Бир эле учурда ар башка 3 түзүлүштѳн (телевизордон, планшеттен же телефондон) кѳрүү, ошондой эле ТВ-эфирди башкаруу – каалаган телеберүүнү же фильмди ыӊгайлуу учурда архивден кѳрүү.

  3. Үй-бүлѳнүн ар бир мүчѳсүнѳ акысыз байланыш берилет: окшош номерлер менен 3 SIM-карта – ар биринде 30 ГБтан мобилдик интернет + О! түйүнүндѳ чексиз чалуулар жана SMS.

Эӊ башкы ыӊгайлуулук мурункудай эле бардык байланыш кызматтары менен интернет бир номер тарабынан гана тѳлѳнѳт. Үй-бүлѳнүн калган мүчѳлѳрү баланс жѳнүндѳ ойлонбойт.

Жылына 7000 сомдон ашык үнѳмдѳѳ!

Айына 1290 сомдук «Бирге арзан 2.0» тарифинин артыкчылыгын үч кишиден турган катардагы үй-бүлѳнүн мисалынан кѳрүүгѳ болот. Маселен, үй-бүлѳнүн ар бир мүчѳсү айына болжол менен 395 сомдук тарифти колдонот, мындан тышкары үйдѳ айына 750 сомдук интернет + ТВ кошулган. Жалпы сумма айына 1935 сомду түзѳт. «Бирге арзан 2.0» тарифи менен сиз айына 645 сом, ал эми жылына 7740 сомду үнѳмдѳй аласыз!

Дароо азыр үнѳмдѳѳгѳ киришиӊиз! Кошууга ѳтүнмѳ калтыруу үчүн:

  • vmeste.o.kg сайты;

  • *955 – О! абоненттери үчүн чалуу акысыз;

  • 0 500 000 955 – башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн (тарифтик планга ылайык).

Ошондой эле топтомду кошууга ѳтүнмѳнү бардык O!Store дүкѳндѳрүнѳн жана Бишкек ш., Чүй пр. 111А Алма-Ата кѳч. кесилишинде жайгашкан, иштѳѳ режими: дүйшѳмбү-жума – 09:00 – 19:00 Saima Telecom сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине калтырууга болот. Зарыл болсо, ѳз тандооӊузга жараша, туташтырууну ишке ашырган Saima Telecom адистеринен Wi-Fi роутер жана ТВ-приставка сатып ала аласыз (жабдууну сатып алуу ниетиӊизди жана анын бар же жок экенин ѳтүнмѳнү жолжоболоштуруу учурунда тактап алыӊыз) Кененирээк → vmeste.o.kg сайтында.

Бирге арзан 2.0 – бул үнѳмдѳѳ, ыӊгайлуулук жана жакындарга кам кѳрүү!

Тарифке кошулуу жана белекке ээ болуу Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында гана үйүӊүздү Saima Telecom зымдуу интернетине кошуу мүмкүнчүлүгү болгон учурда жеткиликтүү. Тариф үчүн ай сайын абоненттик тѳлѳмдү ишке ашыруу менен 1 жылга (12 тѳлѳнгѳн мезгил) келишим түзүүлүүгѳ тийиш. Телевидение O!TV кызматындагы «O!TV Премиум» топтомунун алкагында тариф үчүн абоненттик тѳлѳм ишке ашырылган учурда гана берилет. O!TV кызматынын алкагында телеканалдар, мазмун жана контент «Диас ТВ» ЖЧК тарабынан камсыз кылынат. Баасы бардык салыктарды эске алуу менен кѳрсѳтүлгѳн. МТБМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК: №16-0062-КР, №16-0063-КР, «Saima Telecom» ЖААК: №16-0019-КР, №03-292-КР, №14-1103-КР, №14-1168-КР. Маалымат жарыяланган учурга карата жарамдуу: 24.06.2021.


Тизмеге кайтуу