Жалал-Абад облусунда +3 жаңы O!Store дүкөнү

08.01.2018

О! Мобилдик оператору жаңы жылды активдүү баштады – Жалал-Абад облусунун Масы айылында, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында дароо үч жаңы O!Store дүкөнү ачылды

О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко:

–  Биз масштабдуу түрдө бардык кеңселерибизди заманбап дүкөндөргө айландырууну улантуудабыз. Бүгүн жалпы өлкө боюнча О! түйүнүнүн 78 фирмалык филиалдары иштеп жатат, алардын ичинен 52си –жаңы форматтагы дүкөндөр. Эң башкысы, аймактардын тургундарына эч жакка баруунун кереги жок жана « О!го которул + TV» популярдуу тарифинин чегинде 50% арзандатуусу менен смартфондорду насыяга сатып алуу мүмкүнчүлүгуно ээ болушту. Мындан сырткары, кардарларыбыздын ыңгайлуулугуна жана убактыларын үнөмдөөгө арналган онлайн тапшырыктар үчүн www.ostore.kg  сайтыбыз иштейт.  

Мобилдүү болуу үчүн керектүү бардык нерсе бир жерде!

Бүгүнкү күндө O!Store – Интернетке туташуу үчүн “акылдуу” түзүлүштөрдүн абдан көп түрү коюлган Кыргызстандагы ири дүкөндөрдүн тармагы болуп саналат. Булар – смартфондор, роутерлер, модемдер, ошондой эле смарт-сааттар, видеокамералар, аксессуарлар, кулаккаптар, тышкы аккумуляторлор, кабелдер, переходниктер, адаптерлер жана башка көптөгөн нерселер. Бул жерде ар бир кардарга жаңы телефон тандоого жардам берүү менен бирге, аны кантип колдонууну үйрөтүшөт, ырастап беришет жана пайдалуу тарифке кошуп беришет.

Пайдалуу

O!Store дүкөндөрү ар дайым жагымдуу акциялары менен кубантып турат. Мисалга алсак,  азыр Huawei Y3,Y5,Y7 же P8lite  смартфондорун сатып алган учурда 1000 сомго чейин бонустарга ээ болосуз, чексиз экрандуу LG Q6 смартфонун сатып алганда 1000 сом жана O!Phone 4G PRO смартфонун сатып алганда 300 сом баланска аласыз. Мындан  сырткары, дал азыр каалаган смартфонду сатып алган учурда, аксессуарларга 50% арзандатуу жүрүп жатат.

Ишенимдүү

O!Store дүкөндөрүнөн соода кылганда, бонустардан жана арзандатуулардан сырткары, сиз 100% оригиналдуу өндүрүмгө жана өндүрүүчү фирманын расмий кепилдигине, адистердин кесипкөй кеңеши менен ыкчам тейлөөгө да ээ болосуз.

Жаңы O!Store дүкөндөрүнүн даректери:

Жалал-Абад ш., Ленин көч., 40, "Айгүл" БУМ СҮ сол канаты. Иштөө графиги: 09:00-18:00, дем алышсыз. Бейшемби, жума, ишемби жана жекшембиде түшкү тыныгуу- 13:00-14:00.

Масы а.(Ноокен), Рустам Шерматов көч.(ориентир Автовокзал “Береке” дүкөнү). Иштөө графиги: 9:00-18:00, түшкү тыныгуу - 13:00-14:00, дем алыш – жекшемби.

Майлуу-Суу ш., Ленин көч., 73 (ориентир борбордук базардын маңдайы). Иштөө графиги: 9:00-18:00, түшкү тыныгуу - 13:00-14:00, дем алыш күнү – жекшемби.

 


Тизмеге кайтуу