Чүй облусунда 2 жаңы O!Store дүкөнү ачылды

06.08.2019

О! Мобилдик оператору өз кардарларына максималдуу ыңгайлуулукту камсыздоо үчүн O!Store дүкөндөр тармагын кеңейтүүдө жана жаңы филиалдарынын ачылышы тууралуу маалымдайт!

Жаңы дүкөндөр төмөндөгү даректерде ачылды:

  • Бишкек ш., Ак-Босого ж/к, Профессор Зима көч., 204/3. Иштөө графиги : 10:00-21:00, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

  • Лебединовка а., Жеңиш проспектиси, 109. Иштөө графиги: 09:00-20:00, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

«Бүгүн O!Store дүкөндөр тармагы– бул О! түйүнүнүн абоненттерин тейлөө, смартфондорду жана мобилдик аксессуарларды сатуу боюнча эң ири тармак болуп саналат. 2 жылдан ашуун жылдын ичинде мындай заманбап форматтагы 87 дүкөндүн иши жөнгө салынды. Биз жетишкендиктерибиз менен чектелип калбайбыз жана ар бир абонентке жакын болуу үчүн бардык аракеттерибизди жумшайбыз», – деп жаңы дүкөндөрдүн ачылышы тууралуу О! сатуу жана тейлөө кеңселерин өнүктүрүү боюнча кызматтын жетекчиси Равшан Бакиров маалымат берди.

O!Store дүкөндөр тармагы – Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor дүйнөлүк бренддеринин расмий өнөктөшү. Тажрыйбалуу консультанттар сиздин смартфондун моделин тандоого жана О! Мобилдик операторунан пайдалуу тарифти кошууга жардам беришет.

Тармактын бардык дүкөнү банктын үстөк пайызысыз смартфондорду кредитке же бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруу кызматын сунуштайт. Сизге документтердин минималдык топтому керек:

  1. Паспорт (Эгер паспорт жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жеринен маалымкатты алып келүү керек);

  2. Кирешеси тууралуу маалымкат (төмөндө көрсөтүлгөндөрдүн бири):

* Эмгек келишими менен иштеген кызматкерлер үчүн айлык акы тууралуу маалымкат;

* Жеке ишкерлер үчүн акыркы 3 айга же андан ашык мөөнөткө узартылган жарактуу патент (түп нускасы жана патентке төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк);

* Мал чарба ээлери үчүн айыл башкармачылыгынан ( айыл өкмөтүнөн) малы бар экендигин тастыктаган маалымкат.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин жана кененирээк маалыматты 0 705 007 000 телефону же ostore.kg сайты аркылуу сурап билиңиз. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. КРУБ лицензиясы № 037.

 


Тизмеге кайтуу